Милиция: Кантта жолдо жаткан аял учурда үйүндө

© AFP / YASUYOSHI CHIBAАял көчөдө басып бара жатат. Архив
Аял көчөдө басып бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары ушак тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш алып барууда. Мыйзам бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

БИШКЕК, 27-мар. – Sputnik. Кантта жерде жаткан аял ичимдикке ууланып калган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда жолдо жаткан аялдын видеосу тараган. Аны тасмага тартып жаткан киши аялга эч ким жардам бербегенин, керек болсо милиция көңүл бурбаганын билдирген.

Чүй ОИИББден кабарлашкандай, Тез жардам кызматына эс учун жоготкон аял көчөдө жатканы боюнча маалымат түшкөн.

"Дарыгерлер аял ичимдикке ууланып калганын билдиришти. Кант шаарынын 34 жаштагы тургунуна жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген. Бирок милицияга бул тууралуу эч кимден маалымат түшкөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Палкой по пятой точке — как наказывают нарушителей карантина в Индии. Видео - Sputnik Кыргызстан
Индияда карантинде көчөгө чыккандарды полиция таяк менен сабап жатат. Видео
Учурда милиция коомчулукту дүрбөлөңгө салып, видеону тараткан кишини издеп жатат.

"Акыркы күндөрү кээ бир адамдар өлкөдөгү оор абалга карабастан такталбаган маалыматтарды жарыялап, провокация кылып жатышат. Мындан улам Чүй ОИИББ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат жана эреже бузууларга күбө болгондорду 102 номерине чалууну өтүнөт", - дешти милициядан.

Эске салсак, укук коргоо органдары ушак тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш алып барууда. Мыйзам бузгандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0