Бишкекте милиция кызматкерлери блокпостто туруп жаткан убакытта. Архив

Коронавирус, Кыргызстан, өзгөчө абал боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама

2352
(жаңыланган 20:41 28.03.2020)
Кыргызстанда коронавирустун табылганына бүгүн туптуура 10 күн болду. Алгач 3 адамдын анализи COVID-19 вирусун жуктуруп алганын тастыктаса, кечээ алардын саны 58 кишиге жетти.

Бул аралыкта алгач өзгөчө кырдаал, андан соң өзгөчө абал киргизилди. Коменданттык саат Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарлары менен Ош жана Жалал-Абаддын бир нече райондорунда өкүм сүрүүдө.

Sputnik Кыргызстан бүгүн да өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал, анын экономикага тийгизген таасири, Кыргызстандын төрт облусунда жаткан оорулуулар, өкмөттүн абалды жөнгө салып жаткан иш-аракети тууралуу тексттик баяндамасын улантат.

Жаңы билдирүү
  • 20:41
    Захоронение мусульманина. Архивное фото

    Коронавирустан көз жумгандар кантип көмүлөт. Министрлик менен муфтияттын сунуштамасы

    Министрлик коронавирус кара тумоо, чечек, күйдүргү сымал кооптуу инфекция эмес экенин, ошентсе да тазалыкты сактап, коргонуу зарыл экенин белгилейт.
    Дагы
  • 19:04

    Ээн калган Бишкек

    Пустая улица в Бишкеке, во время режима чрезвычайного положения из-за ситуации с коронавирусом

    Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү

    Атайын үйдө отургандар үчүн бош калган Бишкектин көрүнүшүн сунуштайбыз. Сүрөттөр шаардын борбордук бөлүгүнөн тартылды.
    Дагы
  • 18:10

    Кытайдан келген жардам бөлүштүрүлдү

    Бүгүн, 28-мартта, Саламаттык сактоо министрлиги КЭР берген гуманитардык жардамды Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медиктерине тапшырды.
    Анын ичинде респиратордук бет каптар (1600 даана), бир жолку бет каптар (45 миң даана) жана коргоочу костюмдар (700 даана) бар.
    Калган каражаттар жакынкы убакытта республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана санитардык-карантиндик постторго таратылат.

    Эске салсак, 25-мартта Кытай биздин медиктерге 10 миң респиратордук бет кап, 100 миң бир жолу колдонулуучу бет кап жана 1000 жеке коргоо каражаттарын берген.

  • 16:57

    Баткенде демилгелүү жаштар көбөйүүдө

    Баткенде элдин өзгөчө кырдаал тартибин сактоосун көзөмөлдөөгө колдоо көрсөткөн демилгелүү жаштар көбөйүүдө.
    Алар ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык барьерлерди жайгаштырып, кезек менен нөөмөткө туруп, жарандардын үйдө болуусун эскертип жатышат.

  • 16:34

    Нарындагы абал

    Нарын облусунда посттордон өткөн ар бир автоунаа дезинфекцияланып, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн дене табы текшерилип, өздүгү, телефон номерлери атайын китепчеге катталып жатат.
    Дубанда жалпы 13 санитардык-карантиндик пост уюштурулуп, 72 мобилдик көзөмөл тобу иш алып барууда.
    Баса, посттордун көмөгү менен облус аймагындагы элдин каттамы азайды.

  • 14:25

    Ала-Букада өлгөн аял башка оорудан көз жумган

    Ала-Букада аял киши коронавирустан көз жумган деген маалымат тараган. Ал киши чет мамлекеттен келип, 17-мартта обсервацияга жаткырылган. 82 жашта болчу, өнөкөт оорулары да көп экен. 20-мартта анализи коронавирус жок экенин көрсөткөн. 23-мартта эски ооруларынын улам көз жумган.

    Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов айтты.

  • 14:05
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев во время совещания с комендантом Бишкека Алмазом Орозалиевым

    Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту

    Абылгазиевдин айтымында, бүгүнкү күнү азык-түлүк жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатат.
    Дагы
  • 12:03

    “Бизге кайрылган жарандардын 90 пайызы өткөрмө казагдарын алуу боюнча кайрылып жатышат. Уруксат берүүнү болушунча кыскартуудабыз, анын ичинен алгачкылардан болуп, медиктерге, алардын унааларына жана милиция кызматкерлерине берип жатабыз. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен түз байланышып, кызматкерлерге канчалык деңгээлде өткөрмө кагазы зарыл экендигин карап, анан берип жатабыз”, – деди Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча коменданты Ж.Жоробеков.

  • 11:18

    COVID-19 менен күрөшүү эсебине дээрлик 50 млн. сом түштү

    Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүү үчүн ачылган эсепке 49 миллион 520 миң 447 сом келип түшкөнүн Республикалык штаб кабарлады.

    Бул 27-марттын саат 17.00гө карата алынган маалыматы экени белгиленет.

  • 10:34

    Түндө коменданттык саатты бузган 223 киши кармалды

    Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева

    Түндө коменданттык саатты бузган 223 киши кармалды, анын үчөө өспүрүм балдар

    Эреже бузгандар аймактык ички иштер органдарына алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Кармалгандар коменданттык саат бүткөндөн кийин үйүнө жиберилген.
    Дагы
  • 10:33

    Оштун дарыгерлери видеокайрылуу жасашты

  • 10:18

    “Коменданттык саатты бузгандарга укук бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, эскертүү берилет жана административдик айып салынат”, — деди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

  • 09:34

    Мугалимдер үчүн сынак жарыяланды

    Девочка у ноутбука. Архивное фото

    Мыкты видеосабак үчүн мугалимдерге сынак жарыяланды. Жеңүүчүгө — 50 миң сом

    Сынакка базалык окуу планына, предметтик стандартка, окуу программасына, календардык-тематикалык планга дал келген жана IV чейректе өтүлө турган сабактардын материалдары менен гана катышууга болот.
    Дагы
  • 09:28

    Бишкекке жалпы 120 пост коюлган. 79 санитардык-карантиндик пост жана борбор калаанын периметри боюнча 41 пост бар.

  • 09:21

    Айдоочуларды Бишкекке тоскоолдуксуз киргизчү документтер жарыяланды

    Документтердин тизмеси:

    • жазуу түрүндө Бишкек коменданты А.К. Орозалиевдин атына кайрылуу;
    • юридикалык тараптын каттоо тууралуу күбөлүгү;
    • маршруттук баракча;
    • унаа ээсинин паспортунун, айдоочулук күбөлүгүнүн, патент, лицензиясынын, транспорт каражатынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү керек.

    Эске сала кетсек, шаарга чыгарда блокпосттордо медиктер айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн дене табын өлчөсө, милиция кызматкерлери документтерди текшерет.

    Коменданттын буйругуна ылайык, ишкерлер төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат:

    • Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши;
    • Васильевский тракт көчөсү менен Достук дачасынын кесилиши;
    • Жаш гвардия бульвары менен айлампа жол;
    • Курманжан датка менен айлампа жол;
    • Киргшелк;
    • 7-апрель көчөсү менен Токомбаев проспектинин кесилиши;
    • Кожобергенов менен Жеңиштин 50 жылдыгы көчөлөрүнүн кесилиши;
    • Кожобергенов менен Семетей көчөлөрүнүн кесилиши;
    • Селекционное айылындагы май куюучу жайдын жаны.
  • 09:14

    Коменданттык саатты бузгандар

    27-мартта саат 20:00дөн 28-мартта саат 7:00гө чейин борбор калаада 157 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 23 аял, 134 эркек, анын ичинде 5 чет элдик жаран. Бул ушу тапта брифинг өткөрүп жаткан Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиевдин маалыматы.

  • 09:13

    Эскерте кетсек, учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

2352
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (859)
Тема боюнча
COVID-19 аныкталган 14 кишинин вирусту кайдан жуктурганы айтылды
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
Кордайга Кыргызстандан барган кыздан коронавирус аныкталды