Түндө коменданттык саатты бузган 223 киши кармалды, анын үчөө өспүрүм балдар

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бузгандар аймактык ички иштер органдарына алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Кармалгандар коменданттык саат бүткөндөн кийин үйүнө жиберилген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. 28-мартка караган түнү Бишкек шаарынан жана Ош менен Жалал-Абаддын айрым аймактарында коменданттык саатты бузган 223 адам кармалып, 11 унаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эреже бузган Бишкекте 157 адам кармалды, анын үчөө өспүрүм. Мындан сырткары, Ошто 21, Жалал-Абадда 20, Сузак районунда 6, Кара-Суу районунда 15 жана Ноокат районунда 4 киши кармалды.

"Эреже бузгандар аймактык ички иштер органдарына алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга өзгөчө абал режими менен коменданттык сааттын талаптарын аткаруу зарылдыгы эскертилди. Коменданттык саат бүткөндөн кийин бардыгы үйүнө жиберилди", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте милиция кызматкерлери блокпостто туруп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус, Кыргызстан, өзгөчө абал боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама
Ведомствонун маалыматы боюнча, коменданттык саат киргизилген үч күндө жалпысынан 784 киши эреже бузган. ИИМ жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Эскерте кетсек, коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу үчүн 25-марттан тарта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ноокат, Сузак, Кара-Суу райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Коменданттык саат жарыяланып, кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0