Көчөлөрдү жууп, бет кап тигип... Атбашылыктардын үлгү болчу демилгеси

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоого даряданып жаткан адамдар. Архив
Дезинфекциялоого даряданып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти. Абалы улам жакшырып келе жаткан мамлекеттер аты жаман вирусту бекем тартип, тазалык менен жеңип келе жатканын айтышууда.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда да COVID-19ду жайылтпоо үчүн бир катар кескин чаралар көрүлүп келет. Эл дагы үйдө отуруп, эрежелерди сактоо керектигин түшүнүп калышты. Ал эми айрым аймактарда жергиликтүү тургундар бийликти карап отура бербей өз алдынча постторду уюштуруп, акча чогултуп, керектүү тазалоочу каражаттарды алууда.

Социалдык тармактарда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 1-Май айыл аймагынын кире беришине тосмо коюлуп, эл өз демилгеси менен кирген-чыккандарды көзөмөлдөп жатканы тууралуу видео тараган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы 1-Май айылынын тургундары менен байланышып, Динаркүл Жунусалиеваны кепке тартты.

— Саламатсызбы, учурда сиздердин айылдын кире беришине тосмо орнотулуп, унаалар тескелип жатыптыр...

Бишкекте милиция кызматкерлери блокпостто туруп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус, Кыргызстан, өзгөчө абал боюнча акыркы кабарлар. Тексттик баяндама
— Ооба, дүйнөнү каптаган вирусту келтирбөө максатында кыштактын жаштары айыл өкмөтү менен биргеликте айылга кирүүчү унааларды чектеп тосмолорду койгон. Ар бир айылдан бир гана автоунаа шайланып, элдин азык-түлүгүн, кем-карчын толуктоо үчүн райондун борборуна барып жатат. Башка унаалардын жөнү жок кирип-чыгуусуна жергиликтүү бийлик, эл тарабынан чектөө коюлган. Тосмодо айылдын балдары нөөмөт менен кезектешип күнү-түнү туруп жатышат.

— Ат-Башынын дагы кайсы аймактарына тосмо орнотулду?

— Негизи Талды-Суу айыл өкмөтүнө үч — Биринчи Май, Талды-Суу, Өзгөрүш айылдары карайт. Мына ушул айылдардын башында бирден тосмо бар. Мындай тосмолор Ат-Башы районунун кире беришинде, Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында да коюлгандыгын айтышууда. Ат-Башы районунун борборунда да ушундай чектөө бар.

— Өз демилгеңер менен тегерек-четти хлорлоп жатыпсыздар?

— Ар бирибиз үйүбүздүн айланасын хлорлоп жууп чыктык. Айылда атайын жаштар тобу түзүлгөн. Алар эртең айылдын көчөлөрүнө хлор чачышат. Бул аты жаман оорудан сактануу чараларынын эң башкысы эле тазалык экен. Андыктан карап отурбай аракет кылып жатабыз.

— Хлорду ким алып берип жатат?

Ярмарка по продажи муки в Оше - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ун менен камсыз кылат
— Негизи ар бир айылдын жашоочулары өз чөнтөгүнөн 20 же 50 сомдон чыгарып, райондун борборуна атайын бир кишини жиберип хлор алдырып келебиз. Азыр короо-жайды, тегерек-четтерди тазаладык. Бүгүн да акчасын чогултуп берип, хлор алып келүүгө райондук борборго киши жибердик. Анын үстүнө райондук акимиаттан да бекер хлор таратат экен деп жатышат. Ошону алдыртсак анан көчөлөр жуулат.

— Бет кап барбы?

— Талды-Суу айыл өкмөтү айылдагы тигүү цехине атайын керектүү материалды бөлүп берип бет кап тиктирткен. Аны түтүнмө-түтүн бекер тараттырды. Биз да колго тигип жатабыз. Буюрса жетиштүү.

— Азык-түлүк жетиштүү элеби?

— Тамак-аш, азык-түлүк азырынча кенен. Мындан төрт-беш күн мурун райондун борборунан керектүүлөрдү толуктап алгам. Баалардын өскөнүн деле байкаган жокмун, баары мурдагыдай эле. Элдин азык-түлүк менен камсыз болушу үчүн Талды-Суу айыл өкмөтү жакшы иштеп, элге кам көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0