Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок

© REUTERS / BENOIT TESSIERКоронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери
Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58. Алардын 14ү боюнча маалымат кечээ, 27-мартта, аныкталган эле.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кечээ түштөн кийин жана бүгүн ушул убакка чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматында айтылат.

“28-март, саат 14.00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок”, — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирус Кыргызстанда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаар коменданты Алмаз Орозалиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Соодагерлер кампаларга жете албай жатат. Премьер шаар коменданты менен жолукту
27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жеткен. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталган. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0