Коронавируска кабылган эки жаран жандандыруу бөлүмүндө

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер
Ооруканадагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жалпы тест тапшыргандардын саны — 11 134 киши. Алардын ичинен 58 учур тастыкталган. Обсервацияда 4 886, үй карантининде 3 338 киши кармалууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Коронавируска кабылган жарандардын ичинен экөө реанимация бөлүмүндө. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

"Бейтаптардын абалы орто", — деди ал.

Маалыматка караганда, учурда жалпы тест тапшыргандардын саны — 11 134 киши. Алардын ичинен 58 учур тастыкталган. Обсервацияда 4 886, үй карантининде 3 338 киши кармалууда.

Коронавирус Кыргызстанда

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада обсервациядан чыгарылган аял каза болду. Штаб чоо-жайы тууралуу
27-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 58ге жеткен. Жаңы учур Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталган. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0