Медициналык дарыгер ооруканада иш учурунда. Архив

COVID-19 каптаган 11-күн. Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама. Видео, сүрөт

3932
(жаңыланган 21:25 29.03.2020)
Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал, өлкөнүн эки облусунун райондоруна,  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарына киргизилген өзгөчө абалдагы окуялар туурасында маалымат берип турабыз.

Кыргызстанда коронавирустун катталганына бүгүн 11-күн болду. Алгач 3 адамдын анализи COVID-19 вирусун жуктуруп алганын тастыктаса, 27-марттагы маалыматтарга караганда, алардын саны 58 кишиге жетти.

Жаңы билдирүү
  • 21:25

    COVID-19 боюнча күндүн жыйынтыгы. 29-март, 2020-жыл.

  • 20:02

    Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон

    Облустук бийлик төмөнкү эскертүүнү таратты:

    Кимде-ким кандай маселе болбосун чет жакка чыгып келген болсо медициналык кароодон өтүп, текшерилип коюуңуздар зарыл.
    Сыртка чыгып келген же дааваттан келген адамдар менен бир жерде чогуу болуп, же байланышкан болсоңуздар 5-14-75, 5-08-76 ишеним телефондоруна чалып облустук штабга билдирүүңүздөр керек. 

     

    Мужчина с зонтиком идет по полу мечети Бадшахи, чтобы присутствовать на пятничной молитве, несмотря на то, что Пакистан закрыл все рынки и общественные места и препятствовал проведению массовых собраний во время вспышки коронавирусной болезни (COVID-19) в Лахоре. Пакистан, 27 марта. 2020

    Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон

    Вирус жуктурган 61 жаштагы киши Бишкекте төрт күн жүргөн. Кийин Нарынга жети киши менен бир таксиде кеткен. Ал 100дөн ашык адам менен байланышкан.
    Дагы
  • 19:33

    Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги

    Эпидемиолог Айыма Деркембаева

    Кыргызстандагы коронавирус жагдайы тууралуу эпидемиологдун ачык маеги

    Айыма Деркембаева мамлекет тарабынан киргизилген катаал чаралар кыргызстандыктарды COVID-19 вирусунан сактай алар-албасы тууралуу айтып берди.
    Дагы
  • 19:31

    Москвада калган 400дөй кыргызстандык Бишкекке алып келинди

  • 18:08

    Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын токтоткондугун жар салды

    Горожане ждут поезд на станции метро в Шанхае. 10 февраля 2020 года

    Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясын токтоткондугун жар салды

    Жарандары көп каза болгон өлкөлөрдүн сап башында Италия (10 миңден ашып кетти), Испания, Кытай, Иран, Франция жана Улуу Британия турган. Учурда COVID-19 эң көп жуккан адам саны (124 миң) АКШда болууда.
    Дагы
  • 18:01

    Бир сутка ичинде медиктер эпидемиологиялык очокторго 2140 жолу барып келди

  • 17:01

    Коронавирустан коргонуу жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын эсеп ачылган.

    29-мартка карата Ош шаарындагы жеке ишкерлер, курулуш компаниялары, мекеме-ишканалар, жогорку окуу жайлардан (бир күндүк эмгек акы) атайын эсепке 3 475 934 сом которулду.

  • 16:45

    Нарын районунан Нарын шаарына кирүүчү санитардык-карантиндик посттогу видео

    Жергиликтүү бийлик менен Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү аймак тургандарына эскертүү берип, мүмкүн болсо жолго чыкканды азайтууга кенеш беришти.  

  • 16:44

    Интернет-той өткөрүп үйлөнгөн бишкектик Искандер менен Юля

  • 15:45

    Коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн бишкектик түгөйлөр. Маек

    Бишкекчане Юлия и Искандер сыграли свадьбу на 35 человек в условиях чрезвычайного положения.

    Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу

    Бишкектик Юля менен Искандер коронавирус тооруп турган кезде 40 киши күбө болгон үлпөт той өткөрдү. Туугандардын ден соолугун тобокелге салбаш үчүн алар онлайн-той беришти. Ата-энелер, достор, тамада, музыканттар жакшылыкка Skype кызматынын жардамы менен күбө болду.
    Дагы
  • 15:36

    Бишкекте мечиттер дезинфекцияланып жатат

  • 15:35

    Шалаакыларга катуу чара көрүлөт! Боронов айрым мекемелердин ишин сынга алды

    Сотрудники милиции в масках на фоне опасений по поводу распространения коронавируса COVID-19, патрулируют перед зданием парламента в Бишкеке. 26 марта 2020 года

    Шалаакыларга катуу чара көрүлөт! Боронов айрым мекемелердин ишин сынга алды

    Министрлик жана мекемелердин жетекчилери, облус башчылары коронавирустун жайылышына жол бербөө боюнча жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берген.
    Дагы
  • 15:19

    Бишкектин ээн көчөсүндө кагышкан автоунаалар

  • 15:11

    Баткенде элге азык-түлүк таратылат

  • 13:38

    Ош менен Жалал-Абадга борбор калаадан дагы 14 дарыгер жөнөтүлөт

    Сотрудницы в медицинской лаборатории Гемотест на Рождественском бульваре в Москве. Лаборатория Гемотест начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию.

    Ош менен Жалал-Абадга борбор калаадан дагы 14 дарыгер жөнөтүлөт

    Коронавирус жуктургандар башка аймактарга салыштырмалуу Ош жана Жалал-Абад облустарында көп катталууда.
    Дагы
  • 13:36

    Медиктерге ыраазычылыгыбызды билдирип саат 21.00дө кол чабалы!

  • 13:23

    Талас облусунда бир катар уюмдар жана жеке ишкерлер жакырларга жардам таратты

  • 12:26

    Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун брифинги аяктады.

  • 12:23

    Жаңы катталган учурлар Кыргызстандын кайсы аймагынан чыкты?

    Чүй облусу  - 2

     Бишкек – 4

      Нарын шаары  – 1

      Ош – 6

    Жалал-Абад облусунда – 13 адам.

  • 12:22

    Мамбетов: Ооруп жаткандардын ичинен 3 киши оор абалда. Бирөө Сузакта, экөө Ноокатта.

  • 12:18

    Мамбетов: Обсервацияда 4888 адам, 3308 киши үй карантинде турат

  • 12:15

    Ошентип республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 84тө жетти.

  • 12:14

    Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 учур катталды.

  • 12:13

    Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетовдун маалымат жыйыны башталды.

  • 11:52

    Жалал-Абадда коменданттык саат кандай өттү?

    Сузак районунда жана Жалал-Абад шаарында 28-марттан 29-мартка караган түнү коменданттык саат убагында коменданттык эрежелерди 76 адам бузган.

    Төрт автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулган.

     Жалал-Абад облусу боюнча 16 кылмыш иши катталып, бардыгы ачылган. Анын ичинен бирөөсү такталбаган жалган маалымат тараткан учур болгон.

    Бул мааламатты  Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жоробеков билдирди. 

  • 11:17

    Оштогу ооруканада коронавирус жуктуруп алгандардын өмүрү үчүн күрөшүп жаткан медиктердин сүрөтү

  • 10:51

    Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов элге кайрылды

  • 10:43

    Коронавирус: элден түшкөн акчаны бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлдү

    Кыргыз өкмөтү коронавирус инфекциясы менен күрөшүү чараларын каржылоо үчүн ыктыярдуу жардам түрүндө жеке жана юридикалык жактардан түшкөн гуманитардык жардам жана акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссия түздү.

     

    Коронавирус: элден түшкөн акчаны бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлдү

    Ишемби күнү алынган маалымат боюнча, эсепке 49 миллион 520 миң 447 сом келип түшкөн. Каражат коронавирус менен күрөшүү аракеттерине жумшалмакчы.
    Дагы
  • 10:40

    Коронавирустун бардык курактагылар үчүн кооптуу экени айтылды

  • 10:39

    Ош облусу боюнча коменданттык саатты бузгандар

  • 10:37
  • 09:25

    АКШда коронавирустан ымыркай чарчап калды

    Маалыматка караганда, Чикаго шаарындагы ымыркай бир жашка дагы толо элек болчу.

     

    Новорожденный ребенок в госпитали центра Hautepierre в Страсбурге. 13 января 2006 года

    АКШда коронавирустан ымыркай чарчап калды

    Дүйнө жүзү боюнча COVID-19 илдетине кабылгандардын жалпы саны 570 миңден ашты. Ал эми 26 миң киши көз жумду.
    Дагы
  • 09:19

    Бишкек шаарынын комендантынын брифинги аяктады.

  • 09:19

    Бишкектин ичинде жүрүүгө бериле турган уруксат кагаздары жөнүндө

    Комендант Бишкектин ичинде жүрүүгө бериле турган уруксат кагаздары жакынкы күндөрдөн тарта электрондук түрдө берилерин айтты.

    "Форс-мажордук абалда да иштеп жатабыз, эгерде кандайдыр бир кемчилик кеткен болсо, аны оңдоого аракет кылабыз”, - деди Орозалиев.

  • 09:19

    Комендант туугандарынан улгайгандарды карап турууга чакырды

    Орозалиев шаар тургундарына улгайган ата-энелерин же жакындарын азыркы шарттан улам карап, байкап  турууну эскертти. Комендант бул вирус жашы өтүп калгандар үчүн кооптуу экенин эске салды.

    "Коронавирус биринчи иретте дал ушул адамдарга жугушу мүмкүн", - деди ал.

  • 09:17

    Түндө Бишкек шаары боюнча 28 кылмыш катталып,  анын ичи 21и ачылды. Ал эми коомдук жайларда кылмыш катталган жок.

  • 09:15

    Орозалиев: Миңден ашуун милиция кызматкерлери, куралдуу күчтөрдүн, ИИМ ички  аскерлери болду. Коменданттык саат учурунда 119 адам кармалды, 104 эркек, 15 аял болду. Алардын ичен бешөө чет элдик жаран.

  • 09:12

    Орозалиев: Кырдаал жана жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Бишкек шаары боюнча 120 пост иштеди. 

  • 09:12

    Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин брифинги башталды

  • 09:10

    Россияда коронавирусту дарылай турган препаратты иштеп чыгышты

    Россияда коронавирусту дарылай турган препаратты иштеп чыгышты

    Жаңы препарат безгекке каршы колдонулуучу мефлохин каражатынын негизинде жасалды. Аны Федералдык медицина-биологиялык агенттик сунуштады.
    Дагы
live
COVID-19 каптаган 11-күн. Кыргызстандагы абал боюнча тексттик баяндама. Видео, сүрөт
+
3932
Белгилер:
өзгөчө абал, милиция, дарыгер, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Бишкек, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Бишкекти мындай абалда көрө элек болчубуз. Ээн калган шаардын 14 сүрөтү