Медициналык лабораториянын кызматкери ишке даярданым жатат. Архив

Ош менен Жалал-Абадга борбор калаадан дагы 14 дарыгер жөнөтүлөт

274
(жаңыланган 13:08 31.03.2020)
Коронавирус жуктургандар башка аймактарга салыштырмалуу Ош жана Жалал-Абад облустарында көп катталууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткан аймактарга Бишкектен дарыгерлердин тобу жөнөтүлөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, COVID-19 инфекциясына кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында болууда.

"Биз эртеңден тарта аймактарга пульмонолог, жугуштуу оорулар адиси жана реаниматологдордон турган 14 адисти жиберебиз. Учурда түштүк региондордо кырдаал оор болуп жатат. Мындан улам ошол жакка жөнөтөлү деп турабыз. Ортодо суроолор пайда болуп жатат, айтарым, бизде бардык адистер даяр. 42 пульмонолог, жугуштуу оорулар боюнча 267 адис жана 644 реаниматолог бар. Андан тышкары, башка профилдеги адистерди окутуп жатабыз. Аларды резерв катары кармап турабыз. Бул эл аралык практикада дагы колдонулат", — деди Мамбетов.

Ошондой эле ал учурда обсервацияда 4886, үй карантининде 3338 адам жатканын кошумчалады.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

274
Белгилер:
Жалал-Абад, Ош, дарыгер, коронавирус, Бишкек
Тема боюнча
Үйдө отурсаңар, вирусту жеңет элек! Оштун дарыгерлери кайрылуу жасады. Видео
Ноокат менен Сузакта вирус жуктурган 3 адам оор абалда реанимацияга түштү
Шатырата кол чабышты! Бишкектиктер балкондон дарыгерлерге рахмат айткан видео
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери текшерүү пунктунда турушат. Архив

Баткен карантин режимин күчөтүп, облуска кирип-чыгууга тыюу салды. Тизме

441
(жаңыланган 19:46 08.07.2020)
Жаңы эрежелерге ылайык, облустар аралык жүргүнчү ташыган автобус жана такси кызматынын иши токтотулат.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткен облустук штабында акыркы кырдаал талкууланып, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында дагы бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, облус өз алдынча обочолонуп, жарандардын кирип-чыгуусуна толугу менен тыюу салынды.

Чектөөлөрдүн тизмеси:

  • 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарларынын жана башка облустарынын ортосундагы коомдук транспорт жана жеке такси кызматтары токтотулат;
  • Санитардык карантиндик посттордун иши күчөтүлөт. Жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт;
  • Азык-түлүк, тамак-аш, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга гана облуска кирүүгө уруксат берилет. Жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат. Ошол эле учурда бул унаалар жүргүнчү ташыбашы керек;

Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди

  • Жаратылышка эс алууга чыгууга тыюу салынат;
  • Той-мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге катуу чара көрүлөт;
  • Дары-дармек, тамак-аш азыктарынын баасын кымбаттаткан тараптарга катуу чара көрүлөт;
  • Өлкөнүн башка аймактарына дарыланууга барчу жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат;
  • Облустун аймагындагы мал базарлар бир жумада бир күн гана иштөөсү белгиленет.
441
Белгилер:
токтотуу, такси, тыюу салуу, чектөө, Баткен
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ошто мечиттер жабылып, базарлар бир жумада эки күн тазаланат. Жаңы эрежелер
Жалал-Абад мэриясы жума намазга, той-аштарга чектөө киргизди
Бишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады

Бишкекте сот отурумдары онлайн режиминде өтө баштады. Сүрөт

20
(жаңыланган 19:25 08.07.2020)
Бүгүн Биринчи май райондук соту менен №1 тергөө абагынын ортосунда төрт саатка созулган жараян өткөн.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Между Первомайским районным судом и СИЗО-1 Бишкека состоялось судебное заседание в режиме видеоконференц-связи, сообщили в Государственной службе исполнения наказаний
© Фото / ГСИН при ПКР
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде сот отурумдары онлайн режиминде өткөрүлүүдө

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту менен Бишкек шаарынын №1 тергөө абагынын ортосунда саат 10:00дөн 14:00гө чейин видеоконференция түрүндө онлайн сот отуруму болду.

Жергиликтүү соттордун ишин өркүндөтүү максатындагы алгачкы кадамдар ташталды

"№1 тергөө абагында жараяндарды өткөрүү үчүн толугу менен жабдылган жана бардык талаптарга ылайыкташкан атайын төрт бөлмө даярдалган. Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата ЖАМК санариптештирүү иштерин бүтүрдү. ЖАМК бардык мекемелеринде онлайн сот отурумдарын өткөрүүгө даяр", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле өткөн жылы Талдоо жана мониторинг борбору ачылып, анын жардамы менен ЖАМКтын бардык мекемелери күнү-түнү онлайн режиминде көзөмөлдөнө турганы айтылат.

20
Белгилер:
ЖАМК, абак, онлайн, сот, Бишкек
Тема боюнча
Кесиптик орто окуу жайларга онлайн тапшыруунун жол-жобосу айтылды
РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко

Матвиенко Чыныбай Турсунбековдун туугандарына жана ЖК төрагасына көңүл айтты

6
(жаңыланган 20:31 08.07.2020)
Матвиенко жана анын кесиптештери Чыныбай Турсунбековдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыктарын билдирген. 

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. РФтин Федералдык жыйынынын Федерация кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков 6-июль күнү пневмониядан каза болгон.

Катта ЖКнын мурдагы төрагасы Турсунбековдун каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыктарын билдиришкен.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Биз Чыныбай Акуновичтин парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Анткени ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ишине Кыргызстандын парламенттик делегациясынын жигердүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурчу. Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеӊеши аталган асыл инсанды эч качан унутпайт", — деп айтылган телеграммада.

Матвиенко Турсунбековдун туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшкөн.

"Федерация кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, урматтуу Дастанбек Артисбекович, жана Жогорку Кеңештин депутаттарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле Чыныбай Акуновичтин туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деген төрайым.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Өткөн суткада Кыргызстанда 345 адам COVID-19 жугузуп алганы аныкталды. Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду.

Ушуну менен Кыргызстандын аймагында коронавирусту илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

6
Белгилер:
өлүм, көңүл айтуу, пневмония, Жогорку Кеңеш, Чыныбай Турсунбеков, Валентина Матвиенко, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду