ИИМдин кызматкери Бишкете операция учурунда. Архив

Түндүн миссиясын билесизби? Өзгөчө абалдын пайдасы

1548
(жаңыланган 14:44 29.03.2020)
Аты жаман вирустан этияттанып өзгөчө абал киргизгенден баштап, шаар эрте уйкуга кирчү болду. Бул өтө жакшы көрүнүш дейт колумнист Нуржигит Кадырбеков.

Буюрса, жагдай жакшы жагына бурулуп, өзгөчө абал аягына чыккан соң да ушул сапатты сактап калууга тырышуубуз керек. Анткени канган уйку жана анын натыйжасында жанган ички энергия бекем ден соолуктун, адамдык бакыттын, иштеги ийгиликтин, жакшы мамиленин жана убакыт берекесинин, керек болсо өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы себептеринен.

Экономикалык өсүштө бизден ат чабым алдыга озгон Германия менен Австрияда эч кандай өзгөчө абал режими жок эле ушундай жашоо. Кечки саат 7-8де супермаркеттер жабылат. Ошол убакта шам-шум эткени ачык кафе-ресторан таппай суй жыгылгам. Иңир менен кошо көчөлөрдө эл деле калбайт. Бир аздан соң терезелердеги жарыктар өчүп, калаа уйкуга чөмүлөт. Бирок күн чыга элек жатып жашоо толук жанданып, тиричилик кадимки нугуна түшүп калат.

Көрсө алар күндүздү күндүздөй, таңды таңдай, түндү түндөй туура колдонушат экен. Күн жарыкта берилип иштеп, караңгы киргенде көшүлүп эс алышат, үй-бүлөсүнө убактыларын арнашат. Ошон үчүн алардын ишинде, экономикасында, илиминде ийгилик, өсүп-өнүү бар.

Бейпил түн — берекелүү күн

Бизде болсо күндүн да, түндүн да кунары качып, берекеси учуп бараткансыйт. Анткени биз экөөнү алмаштырып алдык. Уктачу учурда шадыраңдап, шатпыз да, окуп, иштеп, ойлончу убакта магдырап уйкуга маспыз.

Бишкекте уктоонун эң берекелүү кези кирген кечки ондордо эшикке чыксаң жашоо эми гана башталган болот. Кафелерде толгон элди, супермаркеттердеги кассаларда, тез татымдардын теребелинде узун кезектерди, бака-шакасы басыла элек балдар аянтчаларын, футбол талааларында топ кубалаган уландарды, аллеяларда, парктарда сейилдегендерди, көчөлөрдө жаагы тынбай зуулдаган көлүктөрдү, скамейкаларда баарлашып, чылым чегип же телефон чукулап отургандарды, ресторандарда топурап тойлогондорду көрөсүң. "Ала-Тоо" аянтынын тегерегин кеч күүгүмдөн тартып караокеде ырдагандар, ижарага алып велосипед тепкендер, бөбөктөрүнө оюнчук унаа айдаткандар каптайт.

Түн ортосунда сыртка чыксаң деле шаар күүлдөп жандуу. Үйдөн чыкпагандардын көбү деле укташ оюна келбей бир оокумга чейин телеге тигилип, смартфонго үңүлүп, чайдан шорулдата ууртап коюп өткөн-кеткенден, саясаттан кеп куруп отурушат. Кыскасы, эрте жатуу элибиз үчүн бизнес баштагандай, тил үйрөнгөндөй, таарынышкан адам менен табышкандай кыйын иштердин бирине айланды. Бул ойлончу жана оңдочу бир көрүнүш. Анткени ар иштин өз убактысы мерчемделген. Уйкунун учуру — түн, болгондо да анын биринчи бөлүгү, ал эми жумуштуку, тиричиликти — күндүз. Ошон үчүн "Түнүң бейпил, күнүң берекелүү болсун" деп тилек айтабыз.

Канбаган уйку — бүтпөгөн жумуш

Уйку — Жараткандын адамга берген улуу белектеринин бири.  Уйку аркылуу чарчооң жазылат, денең дем алып, кубаттанат, эртеден кечке чейин сага кызмат кылган он эки мүчөңдүн, акыл-оюңдун акысы берилет. Ошондуктан убагында уктоо соода кылгандай, китеп жазгандай, илим үйрөнгөндөй, бала ойноткондой, ибадат кылгандай, спорт менен шугулдангандай эле маанилүү. Дүйнөдөгү өз тармагында ири ийгиликке жетишкен ар кандай миллиардерден, спортчудан, саясатчыдан, актердон, кечил менен аалымдан сурасаң деле, менимче, ушул ойду тастыктайт.

Кеч жатып, шашпай ойгонсоң, болбосо ишке барыш үчүн аргасыз эрте турсаң, ойду омкоруп, тоону томкорчу учурларды көзүңө жумшак мамык менен жылуу төшөк элестеп ныксырап өткөрөсүң. Бул социалдык жашоого, экономикага, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүгө, ден соолукка, бала тарбиясына, дегеле ар бир тармакка терс таасирин тийгизчү чындык. Өнүгүү бул тек гана адам санын көбөйтүп, агым ичинде элдир-селдир жашоо менен эмес, Жараткан ыроологон ичтеги улуу дараметти, көрөңгөнү адамзаттын жакшылыгы үчүн жемиштүү пайдалана билүү менен болот. Уйкуң түзүктөп бышпай, эргип эмгектенчү сааттарда улам оозуңду ачып эстеп коюп, эт менен челдин ортосунда эндиреп жүрсөң, кайдагы өнүп-өсүү?

Түндүн миссиясы

Ошон үчүн уйкунун канты, балы дал ошол түндүн башталышында. Түн оогондо жатып он саат уктагандан, түн жаңы киргенде жатып төрт-беш саат эс алган пайдалуураак экенин айтышат билермандар. Анын үстүнө, түндө уктабаганда не кылмак элек? "Караңгыда кылган иштин касиети болбойт" дегендей, түн бир оокумда жумушуң же арбып, же бүтүп жарытпайт. Окуунун майын чыгарайын десең, кечке иштеп чарчаган акыл жаңы илимди, маалыматты кабылдаганга алсызданып, мокой түшкөн болот.

Сыналгыны жандырсаң "16+" деген жазуу менен ыйманыңды уурдачу уятсыз эпизоддор көзүңдүн нурун бозортот. Конокко барсаң бирөөлөрдүн тынчын аласың. Эшикке чыксаң "Азбаймын деген жигитти караңгы түн азгырат" болуп, күнөө-күлпөттүн аңына аңтарылып кулашың мүмкүн. Бекеринен казино, түнкү клуб, сойкукана сыяктуу адамды ак жолдон азгырчу жайлардын иши кеч менен кошо башталбайт да. Уурулук, зордуктоо, карактоо, тоноо сыяктуу жүзү кургур кылмыштардын көбү түн жамынып жасалат. Түндүн миссиясы — биздин эс алуубузда, эртеңки сооптуу иштерге күч топтообузда.

Кыскасы, эрте жатып, эрте турган адамдын өмүрүн береке коштойт. Өлкөдөгү өзгөчө абалдын эң чоң пайдаларынын бири — адамдардын ушул акыйкатка көзүн ачып, жашоосун жалгаштырууга себеп болот деп ишенем.

1548
Белгилер:
эс алуу, түн, күн, уйку, коронавирус, өзгөчө абал
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Ноокат менен Сузакта вирус жуктурган 3 адам оор абалда реанимацияга түштү
Ош менен Жалал-Абадга борбор калаадан дагы 14 дарыгер жөнөтүлөт
Бишкектин бош калган көчөсүндө кырсыктаган унаалар. Видео
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

102
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

102
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек-Автодорожный өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын кезеги

Алишеров: казак тарап өздөрү чек арада көйгөй жаратып жатканын моюндады

92
(жаңыланган 00:05 06.06.2020)
Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындап, бул мезгилде чек арада 300-400 фура кезекте туруп калууда. Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Казакстандын Кыргызстан боюнча жасаган билдирүүсү таң калычтуу болуп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Казакстандын өкүлү чынында эле казак тарап чек арада көйгөй жаратып жатканына ынанышты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. 

Белгилей кетсек, Казакстанга кирүү май айынын соңунан тарта кыйындай баштаган. Өкмөттөн 300-400 фура кезекте турганын айтышкан. Мындан улам Sputnik Кыргызстан жеринен репортаж жасаган.

Кечээ, 4-июнда, вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды оор деп баалаган. Ал эми бүгүн Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитети чек арада жүк ташуучу автоунаалардын узак кезекке туруп калышын Бишкектин кырдаалды курчутуу аракети катары сыпаттаган. Алишеровдун айтымында, эки өлкөнүн вице-премьерлеринин тапшырмасы менен 3-июнда “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрмө бекетинде жолугуу болгон. Анда КРдин экономика министри, Чек ара кызматынын төрагасы коңшу Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жана Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен абалды талкуулаган.

“Сүйлөшүүлөр үч саатка созулду, автоунаалардын өтүүсү боюнча хронометраж көрсөтүлдү. Кыргыз тараптан ар бир жүк ташуучу унааны текшерүүгө орто эсеп менен 12-15 мүнөт керектелет. Ал айдоочуну паспорттук көзөмөлдөн өткөрүүдөн, андан аркы текшерүү үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүп, 20-23 мүнөт кармалууда. Бул процедурага казак тараптан коюлган талаптар жана барьерлер кошулган эмес. Карап турсак, кыргыз тарапка 61 фура кирди, ошол эле убакта Казакстанга болгону 21 автоунаа өткөрүлдү. Бул үч эсе аз киргизип жатканын түшүндүрөт”,  — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле ал жолугушуу саат 14.00дө башталып, бирок казак тарап өзү жакты мониторинг жүргүзүүгө 16.00дө гана уруксат бергенин белгиледи. 

Кыргыз-казак чек арасындагы Акжол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
“Казакстандын өкүлдөрү эки саатта чынында жүк ташуучулар канчалык жай өтүп жатканын өз көзү менен көрүп, маселе аларда экенин моюндашты. Коңшу өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин “аткезчилик болууда” деген билдирүүсү боюнча айтарым, кыргыз-кытай чек арасы эки айдан ашык убакыттан бери жабык, ал жактан товар келбейт. Ошентсе да кыргыз-казак чек арасындагы барьерлер дагы деле жоюла элек. Казакстанга бараткан 300-400дөй машина кезекте турат, ал эми биз жакка келе жаткан 60тай автоунаа бар. Коңшу өлкөнүн жасалма түрдө ушундай кырдаал жаратып, автоунааларды өткөрбөй жатканына көзүбүз жетти”, — деп белгиледи Алишеров.

Мындан сырткары ал Казакстандын билдирүүсүнө таң калып жатканын айтат. Ал эми 9-июнда өтө турган ЕЭКтин коллегиясында абалды жөнгө салууга акыркы чечим кабыл алынып, Казакстанга чек араны тез арада ачууну айтарына ишеним артты.

92
Белгилер:
сүйлөшүүлөр, жүк ташуучулар, ЕЭК, "Актилек" көзөмөл өткөрүү жайы, чек ара, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Кыргыз-кытай чек арасы жүк ташуу үчүн ачылды