Кыргыз өкмөтү Кытайдан гуманитардык жардам сурап кайрылды

Жазылуу
Кыргыз тарап коронавирус менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу үчүн адистерди жөнөтүүнү да суранууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстан COVID-19 вирусунун жайылышынан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытай өкмөтүнө кайрылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтү тест-система, реагент, тиешелүү медициналык жабдууларды жана медиктер үчүн коргонуучу костюмдарды сураган. Ошондой эле кыргыз тарап санитардык-дезинфекциялоочу каражаттарга муктаж экенин кабарлаган.

Мындан сырткары, коронавирус менен күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн медициналык эксперттерди жөнөтүү өтүнүчүн билдирген.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнө COVID-19 вирусу менен күрөшүүдө кошуп жаткан салымын жогору баалап, кыйын кырдаалда колдоо жана жардам көрсөтүп турганы үчүн ыраазычылык билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирип берди. Сүрөт
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адамдын COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0