Жалал-Абадга күндүз дагы коменданттык саат кирдиби? Соцтармактагы видеого жооп

© Фото / пресс-служба УВД Нарынской областиМилиция кызматкерлери жумуш учурунда
Милиция кызматкерлери жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакка "Жалал-Абад шаарына күндүз дагы коменданттык саат киргизилди" деген тариздеги видео тарап жатат.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына күндүз коменданттык саат киргизилди деген маалымат жалган. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакка Жалал-Абад шаарына кечкисин гана эмес, күндүз дагы коменданттык саат киргизилди делген видео тараган.

Тасмадан "Мына, коменданттык саат башталды, баарын кармайт экен. Чыкпагыла, кошуналарга айткыла!" деп сүйлөп жаткан кишинин үнүн угууга болот.

Облустук милициянын маалымат кызматы коронавирус жуктургандардын соңку статистикасынан кийин текшерүү иш-чаралары күчөтүлгөнүн белгилешти.

"Себепсиз көчөгө чыгып алгандар да болуп жаткандыктан текшерүү күчөтүлдү. Коменданттык сааттын эрежеси өзгөргөн жок, кечки саат 20:00дөн эртең мененки 7:00гө чейин сыртка чыкканга болбойт", — дешти милициядан.

Коронавирус Кыргызстанда

Милиция кызматкери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин ичинде жүрүүгө электрондук уруксат кагаздары берилмей болду
Бүгүн Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0