Коменданттык саат, бешинчи күн. Тартип бузуп кармалгандардын саны

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы беш күн ичинде Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган жерлеринде коменданттык саатты 1087 адам бузган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кечээ кечки саат 8ден тарта эртең мененки 7ге чейин өлкө ичинде өзгөчө абал жарыяланган жерлерде коменданттык саатты 148 адам бузду. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Түндө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда режимди бузган 148 адам кармалып, милиция бөлүмдөрүнө алып келинген.

Андан сырткары, 18 автоунаа айып короого токтотулган.

Алар:

  • Бишкекте — 122;
  • Ошто — 8;
  • Жалал-Абадда — 9;
  • Сузакта — 4;
  • Ноокатта — 1;
  • Кара-Сууда — 4.

Мыйзам бузгандарга тартип дагы бир ирет түшүндүрүлүп, коменданттык саат аяктаган соң алар үйлөрүнө кое берилген.

Акыркы беш күн ичинде Кыргызстандын өзгөчө абал жарыяланган жерлеринде коменданттык саатты 1087 адам бузган.

Коронавирус Кыргызстанда

Милиция кызматкерлери жумуш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадга күндүз дагы коменданттык саат кирдиби? Соцтармактагы видеого жооп
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адамга COVID-19 инфекциясы жукканы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0