Үйдө компьютерде окуп аткан бала. Архивдик сүрөт

Окуучулар IV чейректе дистанттык түрдө кантип окуй турганын министрлик түшүндүрдү

34199
(жаңыланган 11:12 30.03.2020)
Мектеп окуучулары 8-апрелден тарта төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окуй баштайт. Ал окуу программаларын ар кандай үч булак аркылуу алса болот.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Мектеп окуучуларына төртүнчү чейректе дистанттык түрдө билим берүү үчүн окуу программасы электрондоштурулуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Учурда төртүнчү чейректин программасы толугу менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Тагыраагы, телепрограммалар тартылып жана интернет порталга көчүрүлүп жатат", — деп айтышты министрликтен.

Маалыматка караганда, ведомство окуучуларга окуу материалдарын үч булак аркылуу жеткирүүнү пландап жатат. Алар:

  • ЭлТР, "Баластан" (1-4-класстар үчүн) каналдары;
  • Министрликтин жаңы түзүлүп жаткан порталы;
  • "Мега 24" тиркемеси.

Бул үчөөнө тең программалар жүктөлүп, окуучулар кайсынысы жеткиликтүү болсо ошону колдонуп билим алса болот. Мисалы, интернетти кенен-кесири колдонууга мүмкүнчүлүк болбогон алыскы аймактардагы окуучулар теле аркылуу сабак алышат.

Министрликтен айтышкандай, "Мега 24" тиркемесин колдонуу үчүн MegaCom уюлдук оператору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

"MegaCom ар бир мугалимге жана окуучуга акысыз сим-карта берүүнү пландап жатат. Аны каалоочулардын бардыгына жеткирүү жолдору чечилүүдө. Жакшы жери бул сим-картаны алган учурда телефондун балансы нөл болсо дагы окуучу теркемеге кирип, окуй берүүгө мүмкүн болот", — деп түшүндүрдү маалымат катчы.

Ал эми мугалим менен байланышуу үчүн Zoom, Google Classroom жана WhatsApp тиркемелерин колдонушат. Бул жактардан балдар мугалимдерге суроо берип, жооп алып, үй тапшырмасын көрсөтүшөт. Мугалим баланын программаны канчалык өздөштүргөнүн сынап, баа берет. 

Министрликтен маалымдашкандай, азыр окуу процессин уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү аны менен ата-энелер жана мугалимдер таанышат. Жаңы чейрек 8-апрелден тарта башталат.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус катталганга чейин эле билим берүү мекемелеринин баары мөөнөтсүз каникулга тараган. Ал эми бир апта мурда Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректи дистанттык түрдө окутуу болуп калышы мүмкүн экенин айткан. 

Жогорку окуу жайлары 16-марттан баштап эле дистанттык окууга өткөн.

34199
Белгилер:
өзгөчө кырдаал, коронавирус, билим, мектеп, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1451)
Тема боюнча
Мугалимдер 8-апрелге чейин үйдөн иштемей болушту
Мусаева: мугалимдерди аттестациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт
Буэнос-Айресте футболдун легендасы Диего Марадонанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу эл аза күтөт

Кароосуз калтырган. Марадонанын дарыгери анын өлүмүнө күнөөлөнүп жатат

4
(жаңыланган 10:11 30.11.2020)
Учурда дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорсуна байланыштуу документтер алынган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Диего Марадонанын дарыгери Леопольд Луке футболчунун өлүмүнө күнөөлөнүп жатканын РИА Новости Аргентинанын Telam агенттигине шилтеме кылып жазды.

Дарыгердин үйүндө жана клиникасында тинтүү жүргүзүлүп, Марадонанын оорусуна байланыштуу документтер алынган.

Тергөө ак халатчандын шалаакылыгына жана бейтаптын кароосуз калгандыгына байланыштуу жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Ошондой эле медайым Даяна Гисель Мадрид да суралууда. Ал таңкы 07:30да Марадонанын бөлмөсүнөн кыйналган үн угуп, барып тиешелүү жардам көрсөткөнүн айткан. Бул айткандарынын эми чын-бышыгы аныкталууда.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда тараган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

4
Белгилер:
өлүм, футбол, дарыгер, Диего Марадона
Тема боюнча
Өз тажиямда эмне дээр элем... Марадонанын эски видеосу желдей тарады
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив

"Унаа" мекемесине караштуу бир бөлүмдүн иш графиги өзгөрөт

12
(жаңыланган 10:07 30.11.2020)
Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик мекемесинин "Риом" унаа базарында жайгашкан бөлүмүндө 1-декабрдан тарта жаңы иш графиги түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган бөлүм декабрдын башынан тарта дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, ишемби, жекшемби күндөрү иштейт. Ал эми бейшемби жана жума күндөрү дем алыш болуп эсептелип, бөлүм жабык болот.

"Жумуш убактысы ошол бойдон калат. Тагыраагы, саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт. Ал эми 12:00дөн 13:00гө чейин тыныгуу", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик мекеменин борбордук аппараты менен жергиликтүү каттоо бөлүмдөрүнүн иш тартиби өзгөрүүсүз калтырылган.

12
Белгилер:
өзгөрүү, тартип, график, унаа, каттоо кызматы
Тема боюнча
Мамкаттоо 604 миң сомго автоунаанын бир номерин жана эки "ХАН" сатты
Показания магнитуды землетрясения. Иллюстративное фото

Түндө Кочкордо эки жолу жер титиреди

0
(жаңыланган 10:13 30.11.2020)
Жердин силкинүүсү алгачкысында төрт, андан кийинкисинде үч баллга жеткен. Биринчи менен экинчи жер титирөөнүн аралыгы өтө узак болгон эмес.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Түндө Нарын облусунун аймагында эки ирет жер силкинип, очогунда күчү 4 баллга жетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 23:47де Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген ", — деп айтылат маалыматта.

Андан кийин афтершок болгон. Тагыраагы, 30-ноябрда түнкү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында жер дагы силкинип, ал 3 баллга жеткен. Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМдин алдын ала берген маалыматында жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

0