Кыргызстан коронавирусту дарылоодо Россиянын дары-дармегин алабы? Министрдин жообу

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУральские ученые предложили препарат против коронавируса
Уральские ученые предложили препарат против коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, академик Владимир Чехонин Россияда коронавирус пайда кылган илдет менен күрөшө алчу үч дары иштеп чыкканын билдирген.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы күрөшчү дарылар чындап эле бейтаптын айыгуусуна жардам берсе Кыргызстан алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине тапшырма берилген.

"Маалыматты кечээ интернет булактарынан уктук. Мындан улам дары-дармек менен камсыз кылуу департаментине тапшырма берилген. Бүгүн алар жаңы чыгарылып жаткан дары-дармектерди Россиянын дарыгерлери өздөрүнүн бейтаптарына колдонуп жатканын айтышты. Чындап эле эффективдүү болуп, жардам берсе биз да алууга даярбыз", — деди Чолпонбаев.

Буга чейин Россиянын илимдер академиясынын кызматкери, академик Владимир Чехонин Россияда коронавирус пайда кылган илдет менен күрөшө алчу үч дары чыгарганын билдирген.

Коронавирус Кыргызстанда

Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Боронов: COVID-19 табылган нарындык киши үй карантинин сактабаган болсо чара көрүлөт
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти.
Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда — 50, Ош облусунда — 24, Чүй облусунда — 3, Баткен облусунда — 1, Ош шаарында — 8, Бишкек шаарында — 7, Нарын облусунда — 1 учур катталган. Бейтаптардын 53ү аял болсо, 41и — эркек киши.

Бирок 30-март күнү бейтаптардын алгачкы үчөө коронавирусту жеңгени аныкталды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0