Эл тарбияласын! Карантин эрежесин бузгандар көбөйсө, аты-жөнү жарыяланат

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПервый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов
Первый вице-премьер-министр КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов жеке маалыматты жарыялаганда жарандардын конституциялык укугу бузуларын айтып, бирок абал оорлошсо ачыктоого аргасыз болорун эскертти.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Карантин эрежесин бузгандар көп катталса, аты-жөнү коомчулукка жарыяланат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Журналисттер тарабынан “Россия менен Казакстанда коронавирус жуктурган адамдардын аты-жөнү, дарегинен бери жарыяланат. Эмнеге Кыргызстанда андай эмес? Бул вирустун жайылышын алдын алууга жардам бермек” деген суроо берилген.

“Учурда биздин программисттер тарабынан үй карантинине чыгарылган жарандарды геолокация аркылуу көзөмөлдөй турган программа иштелип жатат. Үй карантининде, обсервацияда же ооруканада жаткандардын аты-жөнүн чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок андай жеке маалыматты жарыялоо менен жарандардын конституциялык укугун бузуп алышыбыз мүмкүн. Эгер кырдаал оорлошуп, жарандар коюлган талаптарды аткарбай кете берсе, аты-жөнүн жарыялоого аргасыз болобуз. Ошондо азыркы мыйзамдарга баш ийбегендерди коомчулук дагы тарбиялайт”, — деди Боронов.

Коронавирус Кыргызстанда

Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Боронов: COVID-19 табылган нарындык киши үй карантинин сактабаган болсо чара көрүлөт
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 94кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0