Эки ымыркай бар. Коронавирустан дарыланып жаткан 94 кишинин жаш курагы айтылды

© AFP / PHILIPPE HUGUENЖаңы төрөлгөн ымыркай апасынын колун кармап жатат. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркай апасынын колун кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн СOVID-19 инфекциясы дагы он кишиден аныкталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүп жаткан 94 киши катталды.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында бир жашка чейинки эки ымыркай бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Эскерте кетсек, бүгүн СOVID-19 инфекциясы дагы он кишиден аныкталып, жалпы бейтаптардын саны 94кө жетти. Ал эми түшкө чейин сузактык үч киши толук сакайганы айтылган.

Таластык областына кирип жаткан фура - Sputnik Кыргызстан
Бүгүндөн тарта Таласка кирип-чыгууга толугу менен тыюу салынды
Маалыматта 94 кишинин тогузу 15 жашка чейинки балдар экени айтылат. Андан сырткары, 16 жаштан 19 жашка чейин төртөө, 20 жаштан 35ке чейин 29, 35 жаштан 55ке чейин 23 киши, 55тен ары 29 адам дарыланып жатканы белгилүү болду.

Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе ӨА тартиби уланары айтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0