"Лимонти" кримтөбөлүн өлтүрдү делген шектүү Бишкектеги тергөө абагына киргизилди

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кримтөбөл өткөн жумада Нарын шаарында күндүз өлтүрүлгөн. Шектүү жаран милицияга өлүктү алып өзү барган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Лимонти" каймана аты бар кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрдү деген шектүү адам Бишкектеги убактылуу тергөө абагына эки айга киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Абакатыг адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүм жазасынан буйтап кеткен. Нарында бычакталган "Лимонти" деген ким эле
Аталган ишти ИИМдин ушул аймакта жашаган бөлүмү карап жаткандыктан, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү аталган сотто каралгандыгын Фемида өкүлдөрү айтты.

Окуя 28-мартта, саат 13.00дөр чамасында болгон. Нарын ОИИБдин билдиришинче, калаанын чок ортосунда Toyota Passo үлгүсүндөгү унаа менен Lexus 570 жолтандабас кагыша кеткен. Натыйжада айдоочулардын ортосунда кайым айтышуудан уруш чыгып, бири-бирине бычак урган. Андан соң 1995-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран ОИИБдин имаратына кирип барып, киши өлтүрүп алганын айтып, маркумдун сөөгүн көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0