Медициналык маска кийген адамдар. Архив

"Карантинди бузгандар түрмөгө түшөт" чынбы же жалган маалыматпы?

680
(жаңыланган 03:34 31.03.2020)
Штабдан Жазык кодексине шилтеме кылып жатышат. Ал жерде учурдагы кырдаалды алганда санитардык-эпидемиологиялык тартипти бузгандар туурасында айтылган. Буга юрист түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн социалдык тармакка Бишкекте карантинди бузгандар балдардан тарта чоңдорго чейин 100 миң сомдон өйдө айып пул төлөп, андан сырткары, бир жарым жылдан беш жылга чейин эркинен ажырайт деген сүрөт тараган.

Листовка распространяемая в социальных сетях
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Бүгүн социалдык тармакка Бишкекте карантинди бузгандар балдарда тарта чоңдорго чейин 100 миң сомдон өйдө айып пул төлөп, андан сырткары бир жарым жылдан беш жылга чейин эркинен ажырайт деген сүрөт тараган

Документке "райондук комендант" кол койду деп айтылып жүрөт, бирок учурда шаардын коменданты менен анын орун басары гана бар.

Эл арасында "эми зарыл ишибиз болсо да эшикке чыга албайбызбы, жок дегенде таштанды ыргытышыбыз керек да" деген пикирлер айтылууда. Расмий киргизилген тартипте дарыканага, дүкөнгө, банкка жана ооруканага барыш керектиги белгиленген. Ал эми убакыт саат кечки сегизден эртең мененки жетиге чейин деп көрсөтүлгөн. Бул Бишкектеги коменданттык сааттын эрежеси.

Республикалык штабдын маалыматында чындыгында эле айып пул жана абакка камоо мөөнөтү айтылган. Бирок кеп бул жерде элди жапырт ооруга чалдыгуунун алдын алган чара - үй карантини менен обсервация тартибин бузуу туурасында жүрүп жатат.

Өкмөт муну КРдин Жазык кодексинин 280-беренесине такаган. Анда билип туруп же байкабастан санитардык-эпидемиологиялык тартипти бузуп, элди массалык түрдө оорутуп, уулантып же кесепети оор болгон жагдайга кириптер кылуу боюнча айтылган. Жашы жете электерге 120 миңден 140 миң сомго, ал эми башка жеке тараптарга 260 миңден 340 миң сомго чейин айып салынары белгиленген. 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Юрист Владимир Плужник Sputnik Кыргызстан агенттигине мыйзам чектөөлөрдү карагандыгын, анын ичинде өзгөчө абал киргизилген конкреттүү бир аймактагы карантинде отурган адам да буга санитардык-эпидемиологиялык тартипти сактабаса кирип каларын айтты.

"Санитардык-эпидемиологиялык эреже билип туруп же байкабастыктан бузулган учурда болот. Тагыраагы, киши коронавирусту жуктуруп алып, дарыгердин уруксаты жок ал жерден кетип калса, анын айынан вирус көптөргө жугуп же башка кесепети тийсе ал жоопко тартылат", — деп түшүндүрдү Плужник.

Ал мыйзамдан ар кандай божомолдоону, боолголоону алып салууну, мыйзамды ар кайсы жакка чоё бербеш керектигин айтты. Бул туурасында эгерде тартип бузулуп жана анын кесепети айланадагыларга жапырт тийсе айтыш керектигин белгиледи.

Юристтин айтымына караганда, жаза бир топ эле олуттуу. Жашы жете электер (айыпты ата-энеси төлөйт) — 80 миңден 100 миң сомго чейин төлөйт. Ал эми чоңдорго 180 миңден 220 миң сомго чейин каралган. Айып пулдун көлөмү же эркинен ажыратууну жасалган ишке карата сот аныктайт. Бул жерде биз жогоруда сөз кылгандай билип же билбей жасаганы, оорунун жугуу деңгээли жана канча массага жайылганы каралат.

Кыргызстандагы коронавирус

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 94кө жетти. Ал эми бүгүн Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе ӨА тартиби уланары айтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы абалга саресеп салып, тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

680
Белгилер:
юрист, мыйзам, жаза, айып пул, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Боронов: Кыргызстан бардык нерсеге даяр болушу керек
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

86
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

86
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

85
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

85
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды