Үч адамдан ашык чогулбасын! Бишкек коменданты чектөөлөрдү күчөттү

© Пресс-служба правительства КРБишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев
Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комендант көчөдө жүргөн адамдар көп болуп жаткандыктан кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болгонун билдирди.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда өзгөчө абалды камсыз кылуу үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүү боюнча буйрукка кол койгонун билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү иш-аракеттерге тыюу салынат:

  • Жеке автоунаасы менен жүйөлүү себепсиз жүрүүгө;
  • Жумушуна барып-келүүдөн сырткары жайбаракат шаар аралап басууга;
  • Туугандарынын, досторунун, кесиптештеринин жана башка жакын адамдарынын үйүнө барууга;
  • Эгер үй-бүлө мүчөсү болбосо, бир жерде үч адамдан ашык чогулуусуна;
  • 18 жашка чыга элек балдардын улуу адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусуна.

Мындан сырткары, буйруктун негизинде калктын турмуш-тиричилигине биринчи кезекте керектүү болгон ишкана жана уюмдардан сырткары бардык мекемелер убактылуу жабылат.

Орозалиев өзүнө жана жакындарына кооптуулук жаратып дагы деле көчөдө жүргөн адамдар көп болуп жаткандыктан ушундай кадамга барууга мажбур болгонун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0