Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алды. Арасында көлдүктөр бар

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДарыгер коронавируска проба алып жатат
Дарыгер коронавируска проба алып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаңы жуктургандар менен байланышта болгон адамдар аныкталууда. Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 107ге жетти.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 13 адам коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин алдында түзүлгөн штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Маалыматка караганда, коронавирус жаңы аныкталгандардын арасында Ысык-Көл облусунун эки тургуну дагы бар. 

"Коронавирус аныкталгандардын арасында Бишкек шаарында бирөө, Нарында үчөө, Ысык-Көлдө экөө, Чүйдө бирөө, Ош облусунда беш адам, Жалал-Абад облусунда бир адам бар", — деди Мамбетов.

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур болду. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен 15 бала, ошондой эле бир жашка чейинки эки наристе жана 31 улгайган адам бар экени айтылды.

Учурда алар менен байланышта болгон адамдар аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0