Коронавирус жуктургандардын үчөө реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө оор

Жазылуу
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен үчөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, бир жаран жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

"Үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экөө Ноокат аймактык ооруканасында, абалы орточо оор. Бирөө Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланууда. Анын абалы өтө оор, жасалма дем алдыруу аппаратына коштук", — деди Мамбетов.

Коронавирус Кыргызстанда

Жаңы төрөлгөн ымыркай апасынын колун кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки ымыркай бар. Коронавирустан дарыланып жаткан 94 кишинин жаш курагы айтылды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0