Обсервацияга дагы канча адам жайгаштырылды? Штабдын жообу

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүОбсервацияда жүргөн кыз медициналык бет капчан
Обсервацияда жүргөн кыз медициналык бет капчан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен үчөө айыгып чыкты. Бирок бүгүн үч адамдын реанимацияда дарыланып жатканы, бирөөнүн абалы оор экени айтылды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кыргызстанда учурда обсервацияга 1592 адам жайгаштырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган дагы 13 жаңы учур катталды.

"Учурда обсервацияга 1592 адам жайгаштырылды. Жалпысынан 5638 адам киргизилген. Анын ичинен үйдөн байкоого 3870 адам чыгарылды", — дешти штабдан.

Коронавирус Кыргызстанда

Тез жардамдын унаасы иш учурунда  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктургандардын үчөө реанимацияда, бирөөнүн абалы өтө оор
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0