Кишилер бор менен сызылып жерлерде отурат, коопсуз дистанцияны кармоо үчүн

Пакистанга барган кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус чыкты

2080
(жаңыланган 14:24 31.03.2020)
Буга чейин Республикалык штабдан Пакистанда Кыргызстандын коронавирус жуктуруп алган үч жараны бар экенин айтышкан.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Пакистанда дагы үч кыргызстандыктан, "Таблиги Жамаат" диний кыймылынын мүчөлөрүнөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү UrduPoint агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, алар өлкөнүн түндүк-батышындагы Абботтабад шаарында жүрүшкөн. Жуктуруп алгандар Пакистанга дааватка барышкан.

"Үч кыргызстандыктын анализи коронавирус бар экенин көрсөттү. Эми дагы үчөөнүкүн күтүп жатабыз. "Таблиги Жамаат" кыймылынын алты мүчөсү тең үч күн мурда карантинге алынган", — деп айткан облустун саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Файзал Ханзада.

Буга чейин Республикалык штабдан Пакистанда Кыргызстандын коронавирус жуктуруп алган үч жараны бар экенин айтышкан. Бул жарандардын бардыгы жергиликтүү ооруканаларга дарыланууга жаткырылды.

2080
Белгилер:
даават, коронавирус, Кыргызстан, Пакистан
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (758)
Тема боюнча
Чет өлкөлөрдө жүргөн 5 кыргызстандыкка коронавирус жукканы айтылды
Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр
Кыз узатып, дүркүрөтө той берген казакстандык киши жазаланды
Баланы карап отурган аял. Архивдик сүрөт

Министрлик: баланы карай турган киши болсо бакчага жибербей турган оң

7
(жаңыланган 12:59 05.06.2020)
Билим берүү жана илим министрлиги COVID-19дан улам ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштап жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Пандемия шартында иштеп жаткан бала бакчаларда усулдук ыкмалар өзгөртүлүп, тарбиячылар окутуудан өтөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Республикалык штабдын жыйынында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ал тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин баяндаган.

"Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн окутуулар өткөрүлөт. Ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде карай турган адам болсо, анда коопсуздук үчүн баланы үйгө эле калтырган оң болот", — деген ал.

Пандемия башталганы кооптуулуктан улам жабылган бала бакчалар лагоритмге ылайык 5-июндан тарта иштей баштаары айтылган.

Бишкекте 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 жеке менчик бала бакча бар.

7
Белгилер:
пандемия, коронавирус, бала бакча, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат
Антисептик жана медициналык бет каптар. Архив

Өкмөт бет кап, антисептик чыгарууну эртелетүүгө жардамдашмай болду

11
(жаңыланган 12:32 05.06.2020)
Өкмөт мамлекеттик органдарга компаниялардын вирустан коргой турчу каражаттарды чыгаруусуна жардамдашканга тапшырма берген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ата мекендик компанияларга бет кап жана антисептиктерди чыгарууну эртерээк баштоого көмөктөшүү зарыл. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү тапшырма мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына берилген.

Ошондой эле үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекция иштерин жүргүзүү маселелери талкууланган.

"COVID-19 илдети аныкталган бир бейтап инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу божомолдонуп жатканы маалым. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай, аралыкты сактабай жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилгенин билдирген. Ага ылайык, мекеменин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик алат.

11
Белгилер:
жардам, компания, антисептик, бет кап, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат