Сокулук акимиаты толук карантинге алынып, ичиндеги кызматкерлер чыга албай калды

© Sputnik / Табылды КадырбековОбъявление о карантине на двери. Архивное фото
Объявление о карантине на двери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акимчиликте иштеген бир кызматкердин жубайынын эжесинен коронавирус табылган. Эже-сиңди Дубайга барып келишкен.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлери карантинге алынды. Алар акимиаттын имаратынын ичинде болушат. Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, акимчиликтин башкармалыгында иштеген бир кызматкердин аялы эжеси менен Дубайга барып келген. Алар Бишкекте обсервацияга жаткырылып, анализи алынгандан кийин үй карантинине жиберилген. Кийинчерээк кызматкердин жубайынын эжеси коронавирус жуктурганы аныкталган. 

“Дубайдан келгендер карантиндик эреженин баарын кынтыксыз аткарышкан. Кечээ акимчилик кызматкеринен анализ алынып, натыйжада COVID-19 жукканы тастыкталган жок. Ал эми чет өлкөгө барып келген аялдын анализи азырынча чыга элек”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, райондук администрацияда иштеген бардык кызматкерлердин анализи алынган. Алардын жыйынтыгы жакынкы арада чыгат. Жеринде медиктер, милиционерлер жана ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда.

Акимчиликтин имаратынын ичине керебет жана башка керектүү буюмдар киргизилип, тамак-аш уюштурулган.

Кыргызстандагы коронавирус

Кишилер бор менен сызылып жерлерде отурат, коопсуз дистанцияны кармоо үчүн - Sputnik Кыргызстан
Пакистанга барган кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус чыкты
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял киши. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0