Үйдө сабак окуган кыз. Архив

Министрлик: үйдө отурган балдарга психологиялык жагымдуу шарт түзүп бергиле

269
(жаңыланган 14:58 31.03.2020)
Министрдин орун басары ата-энелердин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын эскертип, өзүнүн сунуштарын айтты.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Азыркы кырдаалга байланыштуу үйдө болуп жаткан балдарга жагымдуу психологиялык кырдаал түзүп берүү керек. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифинг учурунда билдирди.

Ал учурда ата-энелердин мойнунда чоң жоопкерчилик турганын эскертип, өзүнүн сунуштарын айтты.

"Урматтуу ата-энелер, балдар күнүгө үйдө болгондуктан аларга жагымдуу психологиялык кырдаал жаратып, иш күнүн туура түзүп берсеңиздер. Биз да сиздерге жардам беребиз. Мектепке чейинки жана андан улуу балдардын ата-энелерине өзүнчө сунуштарды жөнөтөбүз. Эң негизгиси, тазалыкты сактап, телеканалдардан берилүүчү сабактардын жүгүртмөсүн алып каралашыңыздар. Спорттук кандайдыр бир машыгуулары жасатып, адабий көркөм чыгармаларды окуп, балдарга мүмкүн болушунча жакшы шарттарды түзүп берсеңиздер. Ошону менен биз IV чейректи дистанттык форматта ийгиликтүү аяктай алабыз", — деди Жусупбекова.

Ошондой эле ал билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ата-энелерге бир нече сунуштарды айтып, кайрылуу жасай турганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, орто мектепте окугандар үчүн IV чейрек 8-апрелден тарта дистанттык формада башталат. Окуу кандай тартипте жүрөрү буга чейин айтылган.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

269
Белгилер:
окутуу, үй-бүлө, шарт, ата-эне, бала, Надира Жусупбекова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1491)
Тема боюнча
Жалпы республикалык тестирлөөнүн мөөнөтү жылдырылды
Пакистанга барган кыргызстандык үч дааватчыдан коронавирус чыкты
Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Коноктор майрам учурунда. Архив

Парламентте мааракелик той-аштарды чектөө боюнча мыйзам долбоору сунушталды

15
(жаңыланган 14:31 04.06.2020)
Талкуу учурунда эл өкүлү Акылбек Жапаров бүт майрам, той-аштарды бир учурда, күзүндө 10 күндө өткөрүп коюу керектигин айтты.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов Кыргызстандагы юбилейлик иш-чараларды чектөө боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууга алып чыкты.

Депутаттын айтымында, жылына 100дөн ашуун юбилейлик иш-чара өткөрүлөт. Мисалы, 2017-жылга 120, 2018-жылга 105 иш-чара бекитилген. Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары, тийиштүү уюмдун же мекеменин чечими менен корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Депутат ЖК Зиядин Жамалдинов на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов
"Бюджеттик каражаттардын чектелүү экендигин эске алып, мааракелерди өткөрүүнүн мезгилдүүлүгүн чектөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейм. Мыйзам долбоорунда жалпы улуттук, региондук жана корпоративдик маанидеги иш-чараларды өткөрүү үчүн юбилейлик даталарды 50 жыл, 75 жыл, 100 жыл жана андан кийин ар бир 25 жыл сайын белгилөө сунушталууда. Өзгөчө учурларда гана президенттин чечими менен башка даталарда юбилейлик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн", — деди Жамалдинов.

Депутат мааракелик иш-чараларды өткөрүүдө ишкерлерден акча алып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү кызматкерлер көп убактысын короторун белгилди. Ал эми "жылкы союу, боз үй тигүү" деген тапшырмаларды аткаруу үчүн айыл өкмөттөргө күч келерин айтты.

Аталган мыйзам долбоору бюджеттик чыгымдарды кыскартуу максатында демилгеленген. Мында эгерде атактуу адамдардын урпактары жеке каражатына юбилейлик иш-чара өткөрүүнү кааласа, тыюу салынбай турганы айтылган.

Талкуу учурунда депутат Элвира Сурабалдиева ар 25 жыл сайын эмес, 100 жылдык юбилейлерди гана белгилөөнү сунуштады.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров бүт майрам, той-аштарды күзүндө 10 күн өткөрүп коюу керек деп эсептейт.

Депутат Акылбек Жапаров на заседании Комитета по бюджету и финансам 18 мая 2020 года
© Фото / Пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров
"Той-ашты күзүндө гана бир жолу өткөрсө болот деп ойлойм. 31-августтан 10-сентябрга чейин болгон юбилейлик даталарды белгилеп алсак. Муну кезеги менен ар бир облуста мамлекеттик деңгээлде өткөрсөк. Мисалы, быйыл кесиптик майрамдарды дагы кошуп, Баткенден баштасак болмок. Кытай жаңы жылды 10 күн тосот экен, андан кийин майрам жок. Ошол сыяктуу кылып бир эле өткөрүп коёлу", — деди депутат Акылбек Жапаров.

Дагы бир депутат Эмил Токтошев куру намыска алдырып бири-бирине атаандашуу болорун, мындан улам өз алдынча юбилейлик даталарды да өткөрүүгө чек коюу керектигин айтты.

15
Белгилер:
депутат, иш-чара, кыскартуу, маараке, Зиядин Жамалдинов
Тема боюнча
Той бергенге дарман жок! Ишкерлер карантинден кийинки жашоосуна сереп салды
Өткөрүү бекетинде медициналык кызматкер. Архив

Жээнбеков: коронавирус инфекциясы аймактардагы көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды

21
(жаңыланган 14:02 04.06.2020)
Жээнбеков бүгүнкү онлайн-жыйында аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар эми бир топ күчөтүлөрүн билдирди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынан кийинки өзгөчө кырдаал аймактардагы топтолгон бир топ кемчилик, көйгөйлөрдү ачыкка чыгаргандыктан, облустарды санариптештирүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты бойдон калат. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санарип баарлашуу учурунда айтканын анын маалымат кызматы кабарлады.

Президент аймактарды башкаруу, жергиликтүү бизнести колдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, региондордун атаандаштык артыкчылыктарын болушунча жогорулатуу керектигин баса белгилеген.

"Аймактарды санариптештирүү боюнча талаптар күчөтүлөт", — деген Жээнбеков.

Бул жыйында облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийи эмнелер болорун да айткан.

"Негизги максатыбыз — жаңы санарип мамилелерди колдонуу менен региондорду комплекстүү жана ырааттуу өнүктүрүү. Бюрократияны кыскартып, жер-жерлерде калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, муниципалдык кызматтагы жол-жоболорду автоматташтыруу менен жарандарыбыздын жашоо-турмушун жеңилдетүү — негизги милдеттерибиздин бири. Региондорго санарип технологияларды киргизүү жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү облус жана райондордун жетекчилеринин ишин баалоонун башкы критерийлеринин бири болуп калат", — деген президент.

Онлайн-жыйында өлкөнү санариптештирүү, аймактарды өнүктүрүү жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар талкууланды.

21
Белгилер:
жетекчи, талап, аймактар, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1491)
Тема боюнча
Жээнбеков жардамчысын Кадр кызматынын жетекчи орун басары кылып дайындады