Карантин учурунда студенттер контракт акысын төлөбөйбү? Министрликтин жообу

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүАудиториядагы студент. Архив
Аудиториядагы студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта студенттер дистанттык түрдө окуп, айрымдары үйлөрүндө болгондуктан министрликке контракт маселеси менен кайрылгандар көп.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Студенттердин контракт төлөмдөрүн жылдыруу варианттары каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта студенттер дистанттык түрдө окуп, айрымдары үйлөрүндө болгондуктан министрликке контракт маселеси менен көп кайрылып жатышат.

"Бул жаатта да иш-чараларды карап жатабыз. Ар бир жогорку окуу жайга келишимдин негизинде комиссия менен бул ишти карап, студенттердин мүмкүнчүлүгүн эске алуу тапшырмасы берилген. Алардын шартына жараша контракт төлөө мөөнөтүн кийинки убакытка жылдыруу варианты каралып жатат", — деди Өмүров.

Министрдин орун басары акыркы семестр өз убагында бүтөрүн кошумчалады.

Эске салсак, өлкөдөгү кырдаалдан улам жогорку окуу жайлар дистанттык түрдө окуп жатат.

Коронавирус Кыргызстанда

Медайым укол кылган учурда - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны ушуну менен 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланды.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0