Коронавируска анализ алуу. Архив

Нарын: Пакистандагы дааваттан келген кишиден COVID-19 жакындарына жуккан

663
(жаңыланган 16:34 31.03.2020)
Пакистандан дааваттан келген адамдан коронавирус аныкталган соң аны менен жакын байланышта болгон 15 адам обсервацияга жаткырылып, анализдери алынган. Натыйжада үч кишиден COVID-19 табылган.

НАРЫН, 31-мар. — Sputnik. Нарын облусунда коронавирус жуктурган жаңы үч учур катталып, алар Пакистандан дааваттан келген адам менен байланышта болгон жакындары экени аныкталды. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Пакистандан дааваттан келген адамдан коронавирус аныкталган соң аны менен жакын байланышта болгон 15 адам обсервацияда жаткырылып, анализдери алынган. Анализдердин жыйынтыгында 12 адамдын анализи таза чыгып, үч адамдан COVID-19 табылган. Дартты жуктуруп алгандар дааватка барып келген кишинин жакындары. Бирөө эркек, экөө аял", — дешти өкүлчүлүктөн.

Вирус Пакистандан дааваттан келген 61 жаштагы адамдан табылган.

"Бул адам Пакистандан келген соң Бишкек шаарындагы уулунун үйүндө төрт күн жүргөн. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга жети киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18.30дар чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган", — деп айтылган андагы маалыматта.

Аны менен жакын байланышта болгон биринчи категориядагы 15 адам обсервацияга алынып, экинчи категориядагы 117 адамга үйдөн чыкпай карантиндин эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр берилген.

Учурдагы жагдайга байланыштуу үй карантинине жаткырылган 117 адамдан да анализдер алынып, күмөн туудурган жагдай катталса, алар дагы ооруканага жаткырыларын облустук штабдан маалымдашты.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 31-марттагы маалыматтарда 107ге жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. Алардын арасынан 30-мартта Сузактын үч тургуну айыгып чыкты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

663
Белгилер:
Пакистан, даават, коронавирус, Нарын шаары, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Обсервацияга дагы канча адам жайгаштырылды? Штабдын жообу
Министрлик: оорулуулардын саны кескин өсүп кетишине Кыргызстан даяр
Антисептик жана медициналык бет каптар. Архив

Өкмөт бет кап, антисептик чыгарууну эртелетүүгө жардамдашмай болду

8
(жаңыланган 12:32 05.06.2020)
Өкмөт мамлекеттик органдарга компаниялардын вирустан коргой турчу каражаттарды чыгаруусуна жардамдашканга тапшырма берген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ата мекендик компанияларга бет кап жана антисептиктерди чыгарууну эртерээк баштоого көмөктөшүү зарыл. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөт кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү тапшырма мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына берилген.

Ошондой эле үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекция иштерин жүргүзүү маселелери талкууланган.

"COVID-19 илдети аныкталган бир бейтап инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу божомолдонуп жатканы маалым. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай, аралыкты сактабай жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилгенин билдирген. Ага ылайык, мекеменин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик алат.

8
Белгилер:
жардам, компания, антисептик, бет кап, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бала бакча кызматкерлери COVID вирусуна анализ тапшырат
Зомбулук көрсөткөн адам. Архивдик сүрөт

Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

24
(жаңыланган 11:55 05.06.2020)
Аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
"Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.

24
Белгилер:
зомбулук, үй-бүлө, өзгөртүүлөр, мыйзам, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты