Мартта жылуулуктун акчасы кандай эсептелет? "Бишкекжылуулуктун" жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековЖылуулук батареясындагы акча каражаттары. Архив
Жылуулук батареясындагы акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер шаардыктарда жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча суроолор жаралса, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасы 1980 кыска номерине же (312) 61-11-69 телефондоруна чалууну өтүндү.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасынын абоненттери жылуулук үчүн мартта адаттагыдан азыраак төлөшөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аба ырайы ысыкта жылуулук төмөндөтүлгөн коэффициент менен эсептелет.

"1-марттан 18-мартка чейин жана 25-марттан 31-мартка чейин керектелген жылуулук үчүн гана акча эсептелет", — деп айтылат маалыматта.

Электрические счетчики в мастерской Калининградэнерго - Sputnik Кыргызстан
Мэрия суу, жарык жана газдын көрсөтмөлөрүн онлайн кабыл алат
Эгер шаардыктарда жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча суроолор жаралса, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасы 1980 кыска номерине же (312) 61-11-69 телефондоруна чалууну өтүндү. Мындан сырткары, калаа тургундары www.teploseti.kg. кирип "жеке кабинет" аркылуу суроолоруна жооп ала алышат.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус жана башка инфекциянын жайылуусуна бөгөт коюу максатында мэрия 24-мартта калаа тургундарына кайрадан жылуулук берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0