Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay / Nikolai ShapovalКар менен басылган дарактагы гүл. Архив
Кар менен басылган дарактагы гүл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарынын айрым аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоо этектеринде жамгыр себелеп карга айланышы ыктымал.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. 1-апрель, шаршемби күнү, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Эркиндик бульвары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14…+19, Талас жергесинде +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +9…+14 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күндүн табы борбор калаада жана Ошто +16...+18 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0