Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды COVID-19 баскан жарым ай: абалды баяндаган кабарлар, сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстандыктар апрелге коронавирус каптаган абал, COVID-19 жуктурган 107 оорулуу жана кооптуулук жараткан бир нече учурлар менен кирди.

Мындан жарым ай мурда Кыргызстандан табылган вирус улам жаңы аймактарга жайылып бара жатат. Учурда оору менен күрөшүү негизинен медицина кызматкерлеринин мойнунда турат. Андан сырткары өлкөнүн бир нече аймагына киргизилген өзгөчө абалдан улам тартип коргоо органдары күнү-түнү иштеп жаткан мезгил.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү абал боюнча окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берип турат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:45 01.04.2020
18:53 01.04.2020
17:13 01.04.2020

Буйрукка ылайык, массмедиа комендант тарабынан берилген маалыматтарды гана таратышы керек.

 

Пресс-конференция правительства о страховой компании - Sputnik Кыргызстан
ӨА режими учурунда журналисттер кантип иштейт? Коменданттын буйругу
17:02 01.04.2020

Маданият министри Жамангулов ырчылар элге онлайн-концерттерди берип баштарын айтты.

“Алгач, эстрада ырчылары концертти үйүндө отуруп берет да, акырындап классикага өтөбүз”, - деди министр.

16:56 01.04.2020

Элге жардам берүү боюнча маалымат жыйынын өткөргөндөр кайрымдуулук кылгандарды, уюмдарды, тараптарды биргелешип иштөөгө чакырды.

"Биргелешип иштебесек, муктаж болгондорго жардам кайра-кайра кайталанып, башкаларга жетпей калышы мүмкүн. Андыктан, сүйлөшүп, бири-бирибиз менен сүйлөшүп жардам барганга, иш алып барганга чакырам", - деди Жамангулов. 

16:55 01.04.2020

“Министрлик 27 ири фонддор менен иш алып барат, алар менен да сүйлөшүп жатабыз. Көптөн бери кызматташып келебиз. Алар биз айткан, көрсөткөндөргө жардам берет деп ойлойбуз”, - деди Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.

16:48 01.04.2020

"Ар бир жардам эки жумалык запас менен берилип жатат. Жардамдын ичинде - ун, кумшекер, чай, картошка, суу майы, гречка, макарон бар", - деди Жамангулов.  

16:46 01.04.2020

Солтонбекова:  Бишкек боюнча көмөк ала тургандар 800 үй-бүлөгө чамалайт. Бирок, бул туура эмес болуп калат. Бишкектин тегерегинде жашаган, каттоосу жок көп адамдарды эске алышыбыз керек.  Негизинен азык-түлүк менен берилет.

16:34 01.04.2020

"АКШда жашап жаткан кыргызстандыктар дарыгерлер үчүн каражат чогултуп, 10 000 миң доллар беришти. Аларга заманбап материалдан коргонуучу костюмдар тигилип жатат", - деди Насыркулов. 

16:33 01.04.2020

"Кайдыгер эмес адамдар биригип, 1500 ге чукул киши иш алып барып жатабыз. "Биз барбыз" уюмунун өкүлү. Биринчиден вирус боюнча көп маалымат чет тилде болгондуктан айылдарга жеткирели деп жатабыз. Экинчи ишибиз - дарыгерлерге жардам берүү. Аларга коргонуучу кийим тигилип, таратылып жатат. Дагы 15 000 костюм тигип жатабыз. Үчүнчү багытыбыз - элди азык-түлүк менен камсыздоо. Иштебей калгандар бар. 2-3 күн ичинде жардам сураган 1000ден ашык суранычтар түштү. Учурда өкмөт менен иштешетил деп жатабыз", - деди ыктыярчы Урмат Насыркулов. 

16:31 01.04.2020

“Арыз түшкөндөн кийин, каралат. Учурда  570 ыктыярчы курстан өтүп, ишти аткарганга даяр. 150-200 айдоочу да жардам берүүгө камданып турат.  Андан сырткары Кызыл жарым ай коому да жардам берип жатат” - деди Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов.

Ал ондогон уюмдар штабдын алдына чогулуп, ишти баштагандыгын, андай тараптар менен иштегенге даяр экендиктерин айтты. 

16:28 01.04.2020
16:27 01.04.2020
16:25 01.04.2020

"Жетим балдарга, атасы же энеси жокторго, анны үстүнө жалгыз жашаган улайгандар бизге кайрылса болот", - деди Солтонбекова.

16:24 01.04.2020

"Жумушу жок отурган, азык-түлүккө муктаж адамдар кайрылса болот.  Бишкек шаары боюнча алардын саны  - 18 000ден ашты", - деди Эмгек жана социалдык жактан өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова.

16:21 01.04.2020
16:19 01.04.2020
15:40 01.04.2020
15:38 01.04.2020

“Кайрымдуулук фонд менен биргеликте жардам штабы түзүлдү. Ал "Жардам берем" деп аталат. Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, аз камсыз болгондорго берилет. Азык-түлүк жана коргонуу каражаттарын берет. Ал Бишкек жана Ош шаарларында  иштеп жатат”, - деди Маданият маалымат жана туризм министри Азамат  Жаманкулов.

15:28 01.04.2020
15:26 01.04.2020
15:21 01.04.2020

Обсервацияга алынган Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлеринен коронавирус аныкталган жок.

 

Эске салсак, Сокулук райондук администрациясынын бардык кызматкерлери кечээ иштеп жаткан жеринен карантинге алынган.

 

Тест-системы для диагностики нового коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сокулук райадминистрациясынын кызматкерлеринин анализи чыкты
12:37 01.04.2020

Парламенттик коалиция вице-премьер-министр жана саламаттык сактоо министри кызматына талапкерлерди карайт.

 

12:33 01.04.2020

 Саламаттык сактоо уюмдарында 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Алар балдар жана чоңдо үчүн деп бөлүнбөйт.
Министрлик башка өлкөлөрдөн (Россия, Кытайдан) кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Маалымат Республикалык штабдан алынды

12:31 01.04.2020
12:27 01.04.2020

“Кыргызстанда жүрүп эле өзүмдүн эсебимден тесттен өтөм дегендер болуп жатат. 2-3 күндүн ичинде юридикалык механизмдерди тактап алсак,  менчиктештирилген клиникалардан өз эсебинен өтүү маселесин чечебиз”, - деди Мамбетов.

12:20 01.04.2020

“Реанимацияда жаткандардын абалы туруктуу. Кудайга шүгүр, Ош облусундагы оор абалда жаран жасалма жол менен дем алдыруу аппаратынан чыгарылды, өз алдынча дем алууда”, — деди Мамбетов.

12:18 01.04.2020

 Жалал-Абад ш. – 1
 Сузак району – 1
 Кара-Көл ш. – 1
 Чүй облусу – 1 адам. 

12:15 01.04.2020

Мамбетов: 4 кишинин бирөө сырттан, Россиядан келген. Калганы Кыргызстандын ичинен жуктуруп алган. Тагыраагы, оорулуулар менен байланышта болгон. 

12:14 01.04.2020

Балдар  - 11, алардын ичинен би жашка чейинки 2 бөбөк бар. Калганы 55 жашка чейинки адамдар.

12:12 01.04.2020
12:11 01.04.2020
12:07 01.04.2020
12:02 01.04.2020

Саламаттыкты сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов  маалымат берет.

11:42 01.04.2020
11:40 01.04.2020
11:34 01.04.2020

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде  вице-премьер-министр Өмүрбекова менен саламаттык сактоо министри  Чолпонбаевди иштен бошотту. 

10:51 01.04.2020

“Кара-Кулжа, Өзгөн, Чоң-Алай, Алай, Аравандын урматтуу жашоочулары, өзгөчө абал киргизилген райондорго келбегиле, өзүңөргө сак болгула. Айрым жерлерде контактниктер (оору менен байланышып калгандар) бар, алар экспресс-тесттен өтүп жатат, бүткүчө сабыр кылып чыдап туруңуздар. Карантин деген түшүнүктү бузбаганга аракет кылгыла. Бизге келбегиле, кооптуулукка кабылбагыла”, - деп кайрылды Нурдинов.

10:50 01.04.2020

"Ошол эле учурда Кара-Кулжа, Өзгөн, Чоң-Алай, Алай, Араванда өзгөчө абал эмес, өзөчө кырдаал тартиби иштеп жатат. Бул райондордун тургундары эптен өткүсү келип, бир жолду жапсаң кайра бир жол ачып алып, максатсыз, расмий өткөрмө кагазы жок... мындай күрөш жүргүзүп жатат. Андай болбойт", - деди комендант Нурдинов. 

10:50 01.04.2020

Нурдинов Кара-Кулжа, Өзгөн, Чоң-Алай, Алай, Араван райондорунун жашоочуларына кайрылып, учурда өзгөчө абалда турган Ош шаары менен Кара-Суу жана Ноокатка кирбей турушун суранды.

10:29 01.04.2020

"Чайханага барган, интернетти клубду ичинен жаап алып, ойногон учурлар болду. Айрым жерде 5-6дан топтошуп  волейбол, футбол ойногондорду көрүп жатабыз. Аларга чара көрүлүүдө", - деди Маликов. 

10:26 01.04.2020

Комендантка тартип бузгандарды обсервацияга алуу чечими боюнча суроо берилди.

"Обсервация алуу деген жөн жерден чыккан жок. Медицина кызматкерлери, эпидемиологдор менен кандай кылганда туура болот деп талкууланды.  Бул элдин баарына эмес, айрым айрым, 3-4 күндөн бери көчөдөн кетпей жүргөн жаштарга эскертүү болду. Посттордо мониторинг жүргүзүп көрсөк, бир күндө эшикке 5-6 ирет чыккан учурлар болууда. Андыктан мындай адамдарды обсервацияга алуу зарылдыгы келип чыкты”, - деди Маликов.

10:06 01.04.2020

“Биз санитардык режимге так таянабыз. Башкысы – ден соолукту сактоо, илдетти жугузбоо, таратпоо. Азырынча үйдө отура тургула.  Биздин район таза деген жооп болушу мүмкүн, ошентсе да сактанган жакшы. Тартипти сактагыла”, - деди комендант Нурдинов.

 

10:00 01.04.2020

Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов аталган аймактакта түн тынч өткөнүн айтты.

“Абал туруктуу, көзөмөлдө. Бир сутка аралыгында коменданттык саатты 10 адам бузган. Мас болгон эки айдоочу кармалган”, - деди Малик Нурдинов.

09:57 01.04.2020

"Үйүнөн иштөөгө жиберилип, бирок мамлекеттик жана менчик автоунаалары менен көчөдө жүргөн адамдарга мыйзам чегинде тартиптик чара көрүлөөрүн эскертебиз", - дешкен Нарын облустук админстрациясы.

Показательные выступления УВД Нарынской области  - Sputnik Кыргызстан
09:44 01.04.2020
09:29 01.04.2020

Маалыматка ылайык, алар Кыргызстанга Дели — Бишкек авиакаттамы менен 22-мартта келишкен. Бирөө 35, экинчиси 39 жашта.

Аэропорттон аларды текшерип, үч күн обсервацияга жаткырышкан. Анализдери таза чыккандыктан 24-март күнү үйүнө кетүүгө уруксат берилген. 

 

 

Ситуация в Индии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган 2 киши Индиядан келип, кайда барганы айтылды
09:28 01.04.2020

Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директорунун орун басары Мариям Жанкорозова препараттардын кымбатташына бир нече факторлор таасир этип жатканын айтты.

 

Ситуация в Симферополе в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дары-дармек кымбаттап жатат. Маморгандар себебин түшүндүрдү
09:21 01.04.2020

1-апрель, шаршемби күнү, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

 

Прогноз погоды - Sputnik Кыргызстан
Шаршембиге карата аба ырайы
09:19 01.04.2020

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин брифинги аяктады. 

09:18 01.04.2020

Орозалиев: Биринчи май районунда 55, Свердлов районунда 80, Ленин районунда  88, Октябрь районунда  80 пост иштеди. Түндө көчөлөргө жөө патрулдар чыгарылды.

09:16 01.04.2020

“Өзгөчө абал учурунда күнүнө 100дөн киши кармалып жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Эрежени бузбаңыздар деп өтүнөбүз”, - деди Орозалиев.

09:13 01.04.2020

Бишкекте коомдук коопсуздук боюнча абал тынч. Түндө коменданттык саатты бузган 119  болду.  Алардын  - 102и эркек, 17си  аял.

09:13 01.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0