Бишкекте түндө коменданттык сааттын эрежесин бузган 119 адам кармалды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Бишкеке в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозалиев бир жумадан бери эреже бузгандардын саны 100дөн азайбай жатканын айтып, бул жакшы көрсөткүч эместигин белгиледи.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкекте түндө коменданттык саатты бузган 119 адам кармалганын шаар коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Алардын ичинен 102и эркек, 17си аял, үчөө чет элдик жаран.

Биринчи Май районунда — 55, Свердлов районунда — 80, Ленин районунда — 88, Октябрь районунда 80 пост иштеген. Түндө көчөлөргө жөө патрулдар чыгарылды.

Орозалиев эреже бузгандардын саны күнүгө 100дөн азайбай жатканын айтып, бул жакшы көрсөткүч эместигин белгиледи.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Оштун коменданты: үйдө отурбай, тартип бузгандар обсервацияга жаткырылат
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял. Ал эми мурдагы күнү Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00ге чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0