"КРде обсервация жайлары жабылдыбы". Министрлик жалган маалыматты төгүндөдү

© REUTERS / PILAR OLIVARESСитуация в Бразилии по случаю коронавируса
Ситуация в Бразилии по случаю коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы алгоритм боюнча чет өлкөдөн кайтып келген жарандар үч күн обсервацияга киргизилип, андан кийин үй карантинине чыгарылат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги "КРде бардык обсервация жайлары жабылды" деген маалыматты төгүндөдү.

Буга чейин мындай билдирүү соцтармак жана мессенджерлерге тарап кеткен. Анда "ооруп калган адамдар үй карантининде эле болот, ал эми ооруканаларга дене табы аябай көтөрүлгөн жарандар гана жаткырылат" деп айтылат.

Саламаттык сактоо министрлиги обсервация азыркы алгоритм боюнча чет өлкөдөн келген жарандардын ден соолугун текшерүү үчүн керектигин айтты. Алар үч күн обсервацияда жатып, андан кийин дарыгерлердин көзөмөлүндө үй карантинине чыгат. Эгер шек санаган белгилер байкалса, анда ооруканага жаткырылат.

Коронавирус менен күрөшүү үчүн түзүлгөн штабдын бүгүнкү маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун Түп районуна чет өлкөдөн келген сегиз жаран үй карантинин бузганы үчүн күч менен обсервацияга киргизилген.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Индии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган 2 киши Индиядан келип, кайда барганы айтылды
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 107ге (49у эркек, 58и аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0