Кыргызстанда дагы 4 адамдан коронавирус табылды

© Sputnik / Магда Гибелли / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо бригадасынын кызматкерлери иш учурунда. Архив
Дезинфекциялоо бригадасынын кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда дагы төрт адам COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен бейтаптардын жалпы саны 111ге жетти. Алардын ичинен үчөө сакайып кеткен.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагында дагы төрт адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штаб жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 111ге жетти.

"Жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан бейтап учурда өз алдынча дем алып калды. Бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек, азыр абалы орточо оор. Андан башка реанимацияда дагы эки киши бар, алардын абалы туруктуу", — деди Мамбетов.

COVID-19 аныкталган кишилердин 59у аял, 52си эркек киши экени айтылды.

Мамбетовдун айтымында, жалпы жонунан 9128 изилдөө жүргүзүлгөн. Акыркы суткада 884 анализ алынан. Ал эми өлкө боюнча обсервацияда 1588 киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0