Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСитуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК өздүк коопсуздук кызматы аталган факты боюнча иликтөөсүн баштап, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы карантиндик посттордун биринен жолдошунун кызматтык абалынан пайдаланып өткүсү келген аялдын ким экени аныкталып, күйөөсү иштен алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуя 31-март күнү саат 15:00дө болгон.

"Аял посттон өтүү үчүн жолдошум УКМКда иштейт деп чатак салган. Териштире келгенде, ал Улуттук коопсуздук кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкармалыгынын медициналык пунктунда жарым күндүк ставкада иштеген дарыгердин аялы болуп чыкты. Аны менен келишим 1-апрелден тарта бир тараптуу токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош шаарына коюлган блокпост. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Боронов: эгер өлкөдө коронавирус боюнча кырдаал өзгөрбөсө, ӨА режими узарат
УКМК өздүк коопсуздук кызматы аталган факты боюнча иликтөөсүн баштап, материалдар КРдин Жазык кодексинин 355-беренеси ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө жүрүп жатат.

Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланып, посттор коюлган. Коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режим 15-апрелге чейин созулары белгиленип, эгер кырдаал начарлай берсе, ӨА тартиби уланары айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0