Боронов: ӨА режимин бузгандар жоопко тартыларын унутпашы керек!

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коменданттык сааттын эрежелерин бузуп, коомчулукка вирус жугузуу тобокелчилигин жараткан үй карантининдегилерге катуу чара көрүлөрү белгиленди.

БИШКЕК, 1-апр. – Sputnik. Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи. Айрым иш-аракеттерге карата сын-пикир дагы айтылганын кошумчалады.

"Эл өзгөчө абал режиминдеги талаптарды сактоого тийиш жана аны бузган жарандар административдик жана кылмыш жообуна тартыларын унатпашы керек. Бул коменданттык сааттын эрежелерин бузуп, коомчулукка вирус жугузуу тобокелчилигин жараткан үй карантининдегилерге өзгөчө тийиштүү. Бардык тармактык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары коронавируска чалдыккан жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо, аларды көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл", - деди Боронов.

Ал ошондой эле Бишкектин комендатурасы мамлекеттик кызматкерлерге атайын берилген уруксаты жок жеке унаасы менен шаарда жүрүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алганын билдирди.

"Борбор калаада эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери 100 миңдин тегерегинде. Алардын айрымдары аргасыздан эс алуу күндөрүн алгандыгына карабастан, кызматтык күбөлүктөрүн пайдаланып шаарда жүрүшкөн. Мындай фактыларга жол берилбеши керек. Бул мезгилде ишке тартылгандардан башка бардык мамлекеттик органдардын күбөлүгү ӨА режими учурунда жараксыз", - деди ал.

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ошто карантиндик постто чатак салган аялдын күйөөсү иштен алынды
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тармактык органдарга финансы каражаттарын, жабдууларды, резервдерди эске алуу менен коронавирус боюнча абал начарлап кеткен шартка карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылды. 

Жергиликтүү бийлик органдарына калктын социалдык аяр катмарына, жакындарынын камкордугусуз калган карыларга даректүү жардам көрсөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Аларга ыктыярчыларды бекитип берүү зарылдыгы айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигине өлкөнүн райондорун жана облустарын зарыл дары-дармек, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0