Бирөөнү артынан барып жамбашка тепкен киши милиционер экени айтылууда. Видео

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVАйдоочулардын документтерин текшерип жаткан ИИМ кызматкерлери
Айдоочулардын документтерин текшерип жаткан ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон формачан киши ары карап турган адамды унчукпай барып бир тээп, кийин аны кармаганын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Атайын формачан кызматкер тосмонун жанында турган кишини артынан барып тепкен видео интернетке тарады. Аны Oppa.kg Instagram баракчасы жарыялап, анда укук коргоо органдарынын кызматкери экенин жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)


“Укук коргоочу жана мыйзамдын “кереметтүү” тепкиси. Ролик "Кудайберген" базары тараптан тартылды”, — деп жазган посттун автору.

Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек милициясынын маалымат кызматына кайрылганыбызда, видео текшерилип жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин айтышты.

Эске салсак, Кыргызстанга тараган COVID-19 вирусунан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Мындан улам коменданттык саат киргизилип, кечки 8ден таңкы 7ге чейин сыртка чыгууга тыюу салынды. Мындай режимде күндүзү дагы көчөгө олуттуу себепсиз чыгууга болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0