Беш-Күнгөйдө обсервацияда жаткан аял көз жумду деген маалымат төгүндөлдү

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архви
Ооруканадагы бейтап. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияда коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен 31 адам жатат.

БИШКЕК, 2-апр. – Sputnik. Чүй облусуна караштуу Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияда жаткан аял каза тапты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган көзөмөл жайында жалпы жонунан 31 адам жатат, баарынын абалы жакшы.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга Беш-Күнгөй айылындагы обсервацияга коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген шек менен жаткырылган адамдардын бири көз жумганы боюнча маалымат тараган.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 116га (63 аял, 53 эркек) жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0