Сөөк коюуга эл жеткирчү автоунаалар уруксатты кантип алса болот

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКиши фураны айдап жүрөт. Архив
Киши фураны айдап жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал жарыяланган аймактарда зарыл иштерин бүтүрүү үчүн ары-бети каттоого атайын уруксат кагазы электрондук түрдө бериле баштаган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Сөөк коюу зыйнатын уюштуруу жана көрүстөнгө барып-келүү үчүн бир нече адамга жана автоунаага уруксат кагаздары берилет. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда айтты.

“Уруксат кагаздарын жарандар үйдөн чыкпай туруп эле электрондук түрдө алса болот. Бул нерсе бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жардам берет”, — деди Орозалиев.

Бишкектин милиция кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эркин жүрүүгө уруксат кагазын саткан милиционер кармалды
Белгилей кетсек, учурда өзгөчө абал жарыяланган аймактарда жарандарга зарыл иштерин бүтүрүү үчүн ары-бери каттоого атайын уруксат кагазы электрондук түрдө бериле баштаган.

Аны алуу үчүн "Түндүк" системасына кирип, атайын форманы толтуруу керек. Кошумча суроолор пайда болсо Бишкек комендатурасына 1312 номери аркылуу кайрылса болот.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0