Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жолдор тазаланып жатат

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик аба ырайынын шарттарынан улам жолдор тайгак болорун эскертип, айдоочуларга кышкы дөңгөлөк жана тайып кетүүгө каршы чынжырларды алып алууну сунуштайт.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөктө кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Учурда министрликтин жумушчулары жолдорду тазалап, кум жана гравий аралашмаларын чачып жатышат. Ошондой эле атайын техника жолду ары-бери каттоо үчүн ачып койду.

Министрлик аба ырайынын шарттарынан улам жолдор тайгак болорун эскертип, айдоочуларга кышкы дөңгөлөк жана тайып кетүүгө каршы чынжырларды алып алууну сунуштайт.

Эркиндик бульвары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
1-3-апрелдеги жаан-чачындан улам Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74-чакырымдарында, Казарман — Ак-Тал — Чат жолунун 67-93-чакырымдарында, Каракол — Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90-чакырымындагы аймактарында да жолдор тоңуп, тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0