Патрулдук милициянын кызматкери блокпостто турат. Архив

Ун комбинаттары эмнеге жабылды? Тегирменчи менен комендатуранын жообу

164
Тегирменчилер комитетинин төрагасынын айтымында, өткөрмө кагаздын жоктугунан ун комбинаттарынан тышкары сүт өндүрүүчүлөр менен наабайканалар да зыян тартууда.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектеги үч ун комбинаты эмнеге жабылып калганын КРдин Тегирменчилер комитетинин төрагасы Рустам Жунушев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, борбор калаадагы үч ун комбинаты ишин жыйыштырды.

"Биринчиден, жумушчулар жолдо коюлган блокпосттордон өтө албай жатат. Экинчиден, ун өндүргөндө кебектер менен самандар үйүлүп, чыгарбай койсо иштегенге тоскоолдук жаратат. Буга чейин аларды дыйкан чарбалары менен куш фабрикалары алып кетип турган. Эми азыр алар келе алышпайт", — деди комитет башчысы.

Анын айтымында, мындай көйгөйлөргө бир гана ун комбинаттары туш болгон жок.

"Азыр сүт азыктарынын да аймактардан Бишкекке алып келиниши кыйын болууда. Шаарды эт жана жумуртка менен камсыздаган куш фабрикалары да оор учурга кептелди. Ошондой эле Бишкектеги 18 наабайканага 50 гана өткөрмө кагаз берилиптир. Учурда андай кагаздарды электрондук түрдө мамлекеттик органдардын кызматкерлерине берип жатышыптыр. Тизмеде биз, тегирменчилер, жок экенбиз", — деди Жунушев.

Ал аталган маселе менен Бишкек комендатурасына, Айыл чарба министрлигине жана вице-премьер Эркин Асрандиевге кайрылганын айтып, бийликтегилер көйгөйдү чечип берүүгө убада кылганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстандагы "Акун" ири компаниясы Бишкектеги ун чыгарган "Акун" жана "Бишкек ун комбинатынын" ишин токтотууга аргасыз болгонун билдирген. Алардын айтымында, өткөрүү кагазын (пропуск) алуу үчүн тийиштүү документтердин бардыгы бир жума мурда берилген. Бирок комендатура документтер жоголуп кеткенин айткан.

Анткен менен Бишкек комендатурасы мурда бир нече ирет өткөрмө кагаздары берилгенин, ошондой эле 31-марттагы "Акун" ун комбинатынын арызы боюнча жаңылары даярдалганын билдирип, ушул күнгө чейин кагаздарды алып кеткенге эч ким келбегенин белгилешкен. Мындан тышкары, ЖМКда жана социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын кошумчалашкан. Ал эми кечке жуук "Акун" компаниясы соцтармактын колдоосу менен акыры өткөрмө кагаздарын алышканын кабарлашты. 

164
Белгилер:
комбинат, ун, кагаз, өткөрмө, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2317)
Тема боюнча
Доллардын баасы кайра 85 сомго жетти! Улуттук банк интервенция жүргүзүп жатат
Бутуна тура баштаган Кытай Россияга мунай согушун жеңүүгө жардам берет
Бишкек — Ош жолунда кар жаап, жолдор тазаланып жатат
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

38
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

38
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Премьер-министр Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

281
(жаңыланган 23:47 21.10.2020)
Өкмөт башчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун билдирди.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абакта жатканда коронавирус менен оорудум. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров BBC радиосуна маек берип жатып билдирди.

Жапаров дартты дары чөптүн жардамы менен жеңгенин белгилеген. Анын айтымында, дары чөп бир гана коронавируска эмес башка ооруларга дагы, мисалы, ашказандын рагына дагы миңдин бири. Аны кыргыздар илгертеден колдонуп келген.

"Ачык айтканда, Кара-Балтанын Финполициясынын кызматкерлеринин көбү коронавирустан атайын дары чөптүн жардамы менен айыгышты. Андан үй-бүлөсү менен сакайгандар болду. Ал дарыны Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге сыноодон өткөрүп көрүш керек", — деди Жапаров.

Коронавирус: Бишкектеги ооруканаларда 400дөн ашуун бош орун бар

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча күн сайын кабар алып турарын, ооруканалар дары-дармек, медициналык каражаттар менен камсыз болорун кошумчалады.

281
Белгилер:
дары, абак, коронавирус, Садыр Жапаров
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министрлик: коронавирустан сакайган 7 кишиден кайра оорунун белгиси байкалды
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот