Ситуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанга тараган COVID-19, катуулаган тартип боюнча тексттик баяндама. 17-күн

Жазылуу
Кыргызстан учурда кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан мезгил. Коронавирус аймактарды каптап, ооругандардын саны өсүп, эл карантинде. Бир катар район, шаарларга өзгөчө абал киргизилген.

Учурда COVID-19га чалдыккандардын саны 116га жетип, алардын ичинен беш киши реанимацияда жатат. Жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган экөө оор абалда. 

Эл учурда иштебей отуруп калгандыктан азык-түлүккө муктаж болгондордун саны өсүүдө. Өкмөт жана кайрымдуулук кылган адамдар аларга жардам таратуу иштерин баштады.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:38 03.04.2020
19:13 03.04.2020
19:11 03.04.2020

Тургундар санитардык-карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өтүү үчүн атайын өткөрмө кагаздарын алышы керек. Алар түрүнө жара артыкчылыгына карата кагаз кызыл, жашыл, сары жана көк түстө болот.

 

Областная администрация в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Нарындын ичинде унаа кыймылына чектөө киргизилди
17:48 03.04.2020

Бирок инкубациялык мөөнөт 28 күнгө чейин созулат деген божомол бар. Демек, 14 күндөн кийин да оорунун белгилери чыгышы мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жада калса коронавирустан айыгып чыккандар дагы сегиз күн үй карантининде болушун сунуштап жатат. 

 

День донора в Иванове - Sputnik Кыргызстан
COVID-19. Инкубациялык мөөнөттүн аякташы эмне үчүн кооптуу. Түшүндүрмө
16:50 03.04.2020
16:34 03.04.2020
16:29 03.04.2020

Бүгүн да калаа көчөлөрү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан залалсыздандырылды.

 Бүгүнкү күнгө чейин калаада 162 миң 946 метр аралыктагы автоунаа жолдору дезинфекцияланды. 

Маалыматты Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы билдирди. 

Ситуация в Джалал-Абаде из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
16:24 03.04.2020
16:12 03.04.2020
16:05 03.04.2020

Кичинекей бейтаптарды дары-дармек каражаттары менен камсыз кылуу жана өлкөнүн дарыканаларынан сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок ата-энелер 0312-66-27-98 номерине чалышы керек. Ал жерден жок дары-дармектердин тизмеси түзүлөт. 

Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

 

13:58 03.04.2020

 Кыргызстандыктарды тамак-аш менен КРдин миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясы камсыздаган. Новосибирскидеги кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөткөнү айтылды.

 

Волонтеры помогают застрявшим в аэропорту Толмачево в Новосибирске гражданам Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
13:44 03.04.2020

COVID-19га чалдыккандардын саны  – 130

Айыгып кеткендер – 5 киши

Каза болгон – 1 киши

Учурда ооруканада жаткандар – 124 киши

Алардын ичинен оор абалда жаткандар – 4 киши

Орточо оор абалда – 120 киши

Аялдар – 72

Эркектер – 58

Эң көбү - Жалал-Абад облусунда - 61 киши

 

Эң азы – Ысык-Көл облусунда - 2 киши

ОБСЕРВАЦИЯДА жаткандар – 1900 адам

Алардын ичинен:

Эң көбү – Бишкек ш.  – 403 киши

Баткен облусунда  – 584 киши

Эң азы:

Талас облусу – 24 адам.

БАЛДАР:

Он төрт жашка чейинки 11 бала бар. 

13:42 03.04.2020

Соңку бир күндө коронавирус жуктурган 14 адамдын төртөө чет өлкөдөн келген. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди. Ал эми 10 бейтап өлкө ичиндеги ич ара байланыш аркылуу жуктуруп алган.

Московский метрополитен в период режима самоизоляции граждан - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
13:28 03.04.2020

“Бул маселе сүйлөшүлүп жатат. Акча каражатын, башкаруусун чечсек,  көп кишилер түшө баштаса, оорукана  тез арада колдонулушу керек”, - деди министр.

13:26 03.04.2020

Жер-жерлерде тест-системалар жетиштүү. Обсервацияда турган кишилерди чыгаруу максатында тест-системаларды колдонуп жатабыз.

13:23 03.04.2020

Өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125 адам
Оор абалда (реанимацияда) – 4 адам жатат. 
Орточо оор абалда – 121 киши. 
Айыккандар -  5 киши.
 

13:22 03.04.2020

Сабыржан Абдукаримов: Ноокатта кайтыш болгон жаран кичи ажыдан жуктурган. Анын кант диабети жана башка  өнөкөт оорулары бар экендигин уктуңуздар. Азырынча кайсы оорудан көз жумгандыгын ачык айта албайбыз. Анын изилдеп көргөндөн кийин гана, коронавирус козгогучу эмнеден болгондугун айтабыз

13:18 03.04.2020


• Жалал-Абад облусунда – 5
• Джалал-Абад ш. – 2
• Чүй облусунда – 1
• Бишкек ш. – 6

Жаӊы аныкталган учурлардын ичинен 4 – сырттан келген, 10 – оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган

13:16 03.04.2020

Кыргызстанда жалпы 130 тастыкталган учур катталды. Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 61
• Ош облусунда – 30
• Чүй облусунда – 6
• Баткен облусунда – 3
• Ош ш. – 10
• Бишкек ш. – 14
• Нарын облусунда – 4
• Ысык-Көл облусунда – 2
Коронавирустун катталган учурлардын ичинен – 72 аялдар, 58 – эркектер.

13:15 03.04.2020
12:58 03.04.2020
12:48 03.04.2020
12:18 03.04.2020
12:11 03.04.2020
12:09 03.04.2020

"Акун" компаниясы боюнча абал жөнүндө маалымат берсек, алардын айткандары толук аткарылды. Өткөрүүчү кагаздар берилди. Айта кетсек, элди тамак-аш, дары-дармек, күнүмдүк-керектөөчү товарлар менен камсыздоочу стратегиялык жайларга уруксат электрондук жана кагаз түрүндө берилүүдө.

12:08 03.04.2020

Орозалиев: Абылгазиевдин катышуусундагы отурумда жүк ташуучулар үчүн өткөрмө бекеттерди жокко чыгаруу, аларды карантиндик посттордон тоскоолдуксуз өткөрүү чечим кабыл алынган. Анын негизинде оор жүк ташыгандардын тоскоолдуксуз өтүүсү камсыздалды. Расмий өткөрмө документин алууга электрондук 3800 арыз катталып,  анын 211ине берилди.

11:59 03.04.2020

Орозалиев: 2-3 күндөн кийин биринчилерден болуп ооруп калгандар менен байланышта болгондордун инкубациялык мөөнөтү аяктайт. Андыктан алдындагы 7 күн үйдө болуп туруңуздар, эрежени сактагыла.

 

11:16 03.04.2020
11:13 03.04.2020

“Гуманитардык жардам боюнча, ала тургандар айыл өкмөттөрдө  жер-жерлерде, акимдердин тизмесинде катталып жатат. Бул жерде тааныш-билиш маселеси жаралбашы керек деп эсептейм. Катталган жарандарга жардам беребиз” – деди Жоробеков.

11:09 03.04.2020

“Азык-түлүк, тамак-аш ташыган автоунааларды блок-посттон өткөрбөй койбогула деген катуу талап коюп жатабыз. Болгону коменданттык саат учуруна туш келбешиңиздер керек”, - деди Жоробеков.

11:09 03.04.2020

Комендант Жоробеков өзгөчө абал киргизилген аймактарда жалган, тастыкталбаган маалыматтарды таратуу фактылар катталганын, алардын ичинен соңку күндөрү мындай эки учур болгонун айтты.

11:05 03.04.2020

Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков Жалал-Абад шаарында коменданттык саатты 1 адам бузгандыгын айтты.

Жалал-Абад облусу боюнча 31 кылмыш иши катталып, анын 4үнүн бети ачылып,  61 унаа айып короого токтотулган.  

10:59 03.04.2020

Адистин айтымында, коронавирус гриппке салыштырмалуу бат жугат. Болгондо дагы адам анын белгилери өзүндө пайда боло электе жана сакайгандан кийин бир нече убакыт бою башкаларга жайылта берет.

 

Пассажиры рейса из Бангкока в Новосибирск направлены на карантин в обсерваторы - Sputnik Кыргызстан
Кандай адамдар коронавирусту өзү байкабай элге көп жугузат. Адистин жообу
10:58 03.04.2020

3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды.

Тастыкталган учурлар – 130
Айыккандар – 5
Каза болгондор – 1

10:51 03.04.2020

“Азык-түлүк боюнча шаарда жашагандардын каттоосу бар-жогуна карабай жардам көрсөтүлөт. Алар кайда жашары айтса, жеткирип беребиз. Айта кетүүчү нерсе – үйү-жайы, автоунаасы барлар да жардам алабыз деген учурлар билинип жатат. Бир-эки факты катталды. Бул боюнча Ош шаарынын милициясы издеп, иштеп жатат”, - деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев.

10:44 03.04.2020

“Азык-түлүк жетиштүү. Ал эми расмий өткөрмө кагаз боюнча маселе жок. Өндүрүш, өнөр жайчылар, жер иштеткендер, сүт азыктарын өндүргөндөр, бала челекчилер посттордон токтоосуз өтө алат. Эшикке чыкпагыла деген талап жөө жүргөндөргө карата айтылып жатат. Ал эми автоунаа айдоочулар максатсыз эшикке чыкпагыла. Автоунааңар айып короого токтотулуп, татаалданып кетсе, сотко чейин ашып кетип, бир-эки айдан кийин алып калышыңар мүмкүн”, - деди Нурдинов.

10:30 03.04.2020

"Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду.  Ачык айтайын, тууган-уруктарынан эч ким болгон жок. Азыркы абалды, оорунун жайылышын олуттуу кабыл алып, үйдө болгула",  - деди комендант Малик Нурдинов.

 

10:22 03.04.2020

“Кымбаттап кеткен ундун баасы кимге айтып арызданабыз? Буга чейин жазылган телефон чалсак, ары-бери багыттап, так жооп ала алган жокпуз”, – деген суроого комендант Нурдинов  бүгүн антимонополия саясатын алып барган тарапка кайрылабыз деген жообун айтты.

10:04 03.04.2020

“Ош шаары боюнча ундун запасы - 206 тонна. Кумшекер, макарон жетиштүү. Ишкерлер менен сүйлөшүп, маалымат алып, тактап жатабыз. Аз камсыз болгондор бизге  (032 22) 55384 телефон номери менен кайрылса болот”, - деди Турдуев.

09:45 03.04.2020

"Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат районунда абал коомдук-саясий абал туруктуу. Сутка аралыгында 30 киши коменданттык саатты бузган.  Алардын ичинен 4 киши мас болуп алып, автоунаа айдап жүргөн", - деди аталган аймактын коменданты Нурдин Маликов. 

09:30 03.04.2020

"Алардын арасында балдарын дарылатууга алып келген аялдар, кош бойлуулар, 60, 70, 80 жаштагы апалар бар. Ошондой эле эки, беш, жети жашка чейинки балдар, студенттер бар", — дешти Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары.

 

Ситуация в Стамбуле в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Түркиядан 300дөй кыргызстандык келе албай жатабы? ТИМ эмне дейт
09:29 03.04.2020
09:24 03.04.2020

2-апрелде, кечээ Ноокат районунда коронавирус менен ооруп жаткан 61 жаштагы адам каза тапты.

"Бейтаптын дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон"- деп билдиришти штабдан. 

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустан бир адам каза тапты
09:21 03.04.2020

Исаков: Тестирлөөнү 13 предмет боюнча жасайт. Сайттын шилтемесин кийинчерээк беребиз, ал жерге каалаган окуучу эркин кире алат.

 

09:19 03.04.2020

Ал эми жылдык чейректи чыгарууда жыл ичиндеги башка чейректердин жыйынтыгына карап, балдарга жеңил кылгандай шарт түзөбүз.

09:18 03.04.2020

Исаков: 9-11-класстардын бүтүрүү экзамендери боюнча сунуштарыбызды айтабыз. Ал боюнча да ойлонуп жатабыз.

09:15 03.04.2020

Исаков: Кырдаал ушундай болуп турса, ЖОЖдордогу экзамендерди да онлайн-режими менен алууга өткөрөбүз деген ой бар.  

09:14 03.04.2020

Исаков: Мектеп окуучулары үчүн видео-сабакта убакыт чектелип калышы мүмкүн, бирок эми бул биздин кырдаалга карата жасаган ишибиз.

09:14 03.04.2020

Исаков: Кесиптик башталгыч жана орто окуу жайлары боюнча тез арада жаңы сабактын түрлөрүн өздөштүрүү, берүү туурасында талаптарды коюп жатабыз.

09:10 03.04.2020

"Видео сабактардын сынагын жарыяладык эле мыкты педагогикалык чеберчилигин көрсөткөн жаңы мугалимдердин чыгып жатканына күбө болуп жатабыз", - деди Исаков.

09:09 03.04.2020
09:09 03.04.2020

Исаков: “Ай билим” жана  “Билим булагы” деп аталган кызыктуу сабактардын топтомун балдарга тартуулайбыз.

09:07 03.04.2020
09:06 03.04.2020

Учурда 5 студияда жана жогорку окуу жайдын 7 жеринде видео-сабактар жасалып жатат.  Айтарым, мугалимдер креативдүүлүгүн көрсөтүп жатат.

09:06 03.04.2020

Интернет жетпеген жерде теле көрсөтөт, ошондуктан жеткиликтүү болот деп ойлойбуз.

09:06 03.04.2020

Биринчи кезекте Бишкектеги үч мектепте мугалимдерди окутуп, даярдап жатабыз. Азыр аларды телеге тартуу иштери аяктап калды

09:05 03.04.2020
09:05 03.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0