Түндө коменданттык саат тартибин кайсы аймак көп бузду? ИИМдин маалыматы

© Фото / пресс-служба УВД города ОшСитуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Оше с введением ЧП в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкүгө чейин өлкө аймагында 1606 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милиция тарабынан кармалган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. 3-апрелге караган түнү Кыргызстан боюнча коменданттык сааттын эрежесин 117 киши бузуп, алты автоунаа атайын жайга токтотулган. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ситуация в мире в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирусту дагы 9 адам жуктуруп алды
Тагыраагы, эрежени Бишкекте — 86, Ош шаарында 29 киши бузса, Сузак менен Кара-Суу районунда бирден учур катталган. Ал эми Жалал-Абад шаары менен Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкүгө чейин өлкө аймагында 1606 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн милиция тарабынан кармалган.

"Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилди", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ жарандарды өзгөчө абал боюнча мыйзамдардын талаптарын бузбоого жана зарыл иштери болбосо үйдөн чыкпоого чакырат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0