Ноокатта коронавирустан каза болгон кишини 5-6 адам эле жерге берди

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDМүрзө. Архив
Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанда алгачкы жолу коронавируска кабылган 61 жаштагы жаран көз жумганы айтылган. Учурда бул оору менен өлкөдө 125 адам алышууда.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Коронавирустан улам каза болгон Ноокаттын тургуну жерге берилди. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сөөктү жерге берүүгө жана жаназасына турууга маркумдун туугандары катыша алган жок.

"Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду. Ачык айтайын, тууган-уруктарынан эч ким болгон жок. Азыркы абалды, оорунун жайылышын олуттуу кабыл алып, үйдө болгула. Эпидемия учурунда сөөктү көмүүнүн эрежелери болот экен, ал боюнча эртең медицина кызматкелери да айтып берет ", — деди комендант.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда алгачкы жолу коронавируска кабылган 61 жаштагы жаран көз жумду. Жалпы жонунан өлкөдө вирус тастыкталган 130 учур катталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0