Үйгө товар керекпи? "Кыргыз почтасынын" курьерлери кызмат көрсөтмөй болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүРабота службы доставки продуктов во время коронавируса
Работа службы доставки продуктов во время коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Товарды жеткирип берүүнүн баасы 120 сомдон 200 сомго чейин. Коменданттык саатка байланыштуу курьердик кызмат саат 9:00дөн тарта 18:00гө чейин иштейт.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын курьерлери өзгөчө абал убагында жарандарга азык-түлүк менен дары-дармек алып келип берүү кызматын көрсөтөт. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда ишкана гипермаркет, фармкомпания, интернет-дүкөн жана кофе тармагы менен келишим түзгөн.

"Өзгөчө абал режиминде жарандарды колдоо максатында ЖМК алдындагы "Кыргыз почтасы" ишканасынын курьерлери биринчи кезекте маанилүү делген азык-түлүк, тамак-аш, дары-дармек, турмуш-тиричиликке керектүү товарларды жеткирип берүү кызматын көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги оорукананын коридорунда бара жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Товарды жеткирип берүүнүн баасы 120 сомдон 200 сомго чейин. Онлайн-арызды өнөктөштөр аркылуу толтурууга болот. Коменданттык саатка байланыштуу курьердик кызмат саат 9:00дөн тарта 18:00гө чейин иштейт.

Курьердик кызмат менен өнөктөш болуу үчүн 0312 300 809 жана 0550 771 170 номерлерине чалууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0