Министрлик: чет өлкөдөн сейрек дары-дармек алдырчулардын тизмеси түзүлүп жатат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүДары. Архив
Дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык каттамдар токтоп, чек аралар жабылып калгандыктан мурда чет өлкөлөрдөн дары алып жүргөн ата-энелер айласы кетип, министрликке жардам сурап кайрылышты.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөдөн алынып жүргөн сейрек жана кымбат дарыларга муктаж болгондордун тизмесин түзүп жатат.  Бул туурасында ведомство жетекчиси Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча балдарына чет өлкөдөн дары-дармек алдырып жүргөн ата-энелер жардам сурап кайрылган.

“Бардык каттамдар токтоп, чек аралар жабылып калгандыктан, алар мурда алып жүргөн каражаттарын ала албай калышты. Азыр биз мындай үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн ЮНИСЕФке кайрылып жатабыз. Уюм сейрек жана ары-бери ташууга атайын уруксат кагазы зарыл болгон дарыларды Кыргызстанга алып келүүгө жардам берет деп ишенебиз”, — деди Абдикаримов.

Жетекчи муктаждыгы барлар министрликке кайрылып, 0312-66-27-98 номери аркылуу тизмеге кошулса болорун айтты. 

Коронавирустун кесепети

Медициналык бет кап кийген киши музыка угуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0