Министр Фучиктеги заманбап кыргыз-түрк ооруканасы качан ишке кирерин айтты

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкерлер ооруканада иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Бирок белгисиз себептерден улам ушул күнгө чейин ачылышы боло элек.

БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Бүгүн эртең менен Фучик көчөсүнө салынган Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасын ачуу боюнча маселе талкууланды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда оорукананын башкаруу системасын түзүү каралып жатат.

"Эгер вируска кабылгандардын саны көбөйө баштаса, ал оорукананы тез аранын ичинде колдоно баштайбыз. Учурда штатты тактап, каржылоо жана башкаруу системасын талкуулап жатабыз. Бул маселе бир-эки күндө чечилет", — деди министр.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактын колдонуучулары бийлик заманбап техника менен жабдылган жаңы оорукананы ачып, колдонбой жатканын сындап чыгышкан. Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Бирок белгисиз себептерден улам ушул күнгө чейин ачылышы боло элек.

Коронавирустун кесепети

Дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: чет өлкөдөн сейрек дары-дармек алдырчулардын тизмеси түзүлүп жатат
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0