120 кишинин абалы орточо оор... КРде коронавирус жуктургандардын саламаттыгы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, коронавирус жалпысынан 130 кишиде катталган. Беш киши айыгып чыкса, бир адам көз жумду.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын саны 124 болсо, анын 120сынын абалы орточо оор, калган төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Медициналык бет кап кийген киши музыка угуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
Анын айтымында, коронавирус жалпысынан 130 кишиде катталган. Беш киши айыгып чыкса, 2-апрель күнү 61 жаштагы бейтап Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасында көз жумган. Ал кант диабетинен да жабыркап келгени айтылды.

Бүгүн эртең менен бир суткада 14 адамдан коронавирус аныкталганы белгилүү болду.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0