Төлөм квитанциясы, калькулятор жана калем столдо жатат. Архив

Өкмөт бизнеске жеңилдиктерди бергени жатат. Сунуштардын тизмеси

736
(жаңыланган 15:47 03.04.2020)
Насыя алгандар аны төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, кредиттик тарыхы начарлабайт. Антикризистик план макулдашуу процедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

БИШКЕК, 3-апр. – Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу бизнеске жеңилдик берүүнүн жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:

  • Юридикалык жактарды туум жана айып пулдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин бошотуу;
  • Жеке ишкерлерди 2020-жылдын 1-октябрына чейин камсыздандыруу полисинен бошотуу;
  • Кичи жана орто бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин 5 пайызга арзандатуу.

Мындан тышкары, жардамдын фискалдык жана финансылык чаралары каралууда:

  • Текшерүү бөгөтүнүн мөөнөтүн узартуу;
  • Салык органдарынын ишин кыскартуу;
  • Салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө;
  • Убагында төлөнбөгөн салык санкция, туум жана салыктык милдеттерден бошотуу.

Айкын суммалар салыктын негизинде 100 пайызга төмөндөйт:

  • Ыктыярдуу патент;
  • Милдеттүү патент.

Колдоонун финансылык чаралары:

  • Льготалык каржылоо;
  • Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда кредиттик ресурстарга максималдуу мүмкүндүк алуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү;
  • Ишкерликтин субъектилерине пайызсыз кредит берилген механизмди ишкерлердин айлык акысын 6 айлык мөөнөт менен төлөп берүү.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы кредити бар ишкерлерге жеңилдик көрсөтүү үчүн коммерциялык банктардан талаптарды азайтуу чарасын караштырууда.

Абалга байланыштуу, зайым алгандар кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, кредиттик тарыхы начарлабайт.

Антикризистик план макулдашуу процедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

736
Белгилер:
пандемия, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1828)
Тема боюнча
Бишкекте алтоо. Кыргызстанда 14 адам коронавирусту кайдан жуктурганы айтылды
Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүсү мүмкүн
Бишкектин күндүзгү стационарлардын бири. Архив

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

40
(жаңыланган 14:01 10.07.2020)
Борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационарларда дарыланган бейтаптар айыга баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан күндүзгү стационарда дарыланып айыккан бейтаптарды шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова жана аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев үйлөрүнө узатышкан.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Сасык тумоонун белгисин байкаган шаардыктар дароо күндүзгү стационарларга кайрылышкан. Алар тийиштүү медициналык жардам алып, өздөрүн жакшы сезип калышты", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия бир жумага жетпей күндүзгү стационарлар 11 миң 370 адамды кабыл алганын айтып, кезекке тургандардын саны азайып калганын кошумчалады.

Эске салсак, борбор калаада азыркы тапта күндүзгү тогуз стационар иштеп жатат. Ар биринде ординатор, медайым, санитар жана ыктыярчылар нөөмөттө.

40
Белгилер:
ден соолук, күрөш, оору, бейтап, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1828)
Тема боюнча
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди
COVID-19ду ооздуктоого чет жактан алынган акчанын 2,2 млн. доллары бөлүнгөн
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

326
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

326
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер