Өзгөчө абал: Бишкектеги банктардын азыркы иш графиги. Тизме

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүБанкка кирип бараткан аял. Архив
Банкка кирип бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө абал соңуна чыкканга чейин Sputnik Кыргызстан бир катар ишкана, мекемелердин иш тартиби тууралуу маалыматтарды чыгарып, өзгөрүүлөр болгон учурда жаңылап турат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандын айрым жерлерине өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу ишканалар жабылып, күнүмдүк турмушка өтө зарыл болгондору иш тартибин өзгөртүп иштей башташты.

Республикалык штаб дарыкана, оорукана жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкары, өтө зарыл болгон учурда банкка дагы барууга мүмкүн экенин айткан. Үйдөн чыгаардан мурда банктардын ӨА учурунда иштөө режими тууралуу билип алуу керек. Мындан тышкары, жаран жанына алып жүрүүгө милдеттүү болгон маршруттук баракчанын үлгүсүн көрсөтүшү зарыл. 

Бишкектеги банктардын иш графиги (27-апрелде жаңыланды)
Өзгөчө абал: Бишкектеги банктардын азыркы иш графиги. Тизме - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги банктардын иш графиги (27-апрелде жаңыланды)

Sputnik Кыргызстан Бишкек шаарындагы банктар кайсы учурда иштеп жаткандыгы тууралуу өткөн аптада маалымат берген. Учурда айрымдары иш тартибин өзгөрттү.

Таблицада көрүнүп тургандай, банктар ӨА аяктаганга чейин саат 9.00дөн тарта 15.00гө чейин иштешет. Ишемби, жекшемби күндөрү эс алышат. Болгону айрым гана банктардын сактык кассалары ишин улантат.

Баса, үйдөн чыгуудан кооптонсоңуз же мүмкүнчүлүк болбосо, дээрлик бардык банктар интернет аркылуу дистанциондук кызматтарды сунуштап жатышат. Кененирээк маалыматты алардын расмий сайттарынан карап алсаңыз болот.

Коронавирустун кесепети

Бишкектеги оорукананын коридорунда бара жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абалга карабай иштей берчү ишканалар. Жаңы тизме
Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталган. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0