Жакшы кабар! Баткенде коронавирустан дагы бир аял айыкты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКыз медициналык бет капчан телефонду карап жатат. Архив
Кыз медициналык бет капчан телефонду карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыккан бейтап Баткен райондук ооруканасынан дарыланып чыкты. Ал 34 жашта. Вирусту Сауд Аравиядан жуктуруп келген.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктурган дагы бир бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, 34 жаштагы келин Баткен райондук ооруканасынан дарыланып чыккан. Ал вирусту Сауд Аравиядан жуктуруп келген.

Ушуну менен коронавирустан сакайып кеткендердин саны Кыргызстанда алтыга жетти.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду.

Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0